super.kg logo

Арашандын тургундары УКМК Албек Ибраимовду үйүнөн күч колдонуп алып кеткенин айтып беришти (сүрөт)

 

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 19-июлда Арашан айылындагы үйүнөн кармалып, камакка алынган. Бүгүн, 20-июлда SUPER.KG'ге аталган айылдын тургундары Албек Ибраимовду УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери күч колдонуп алып кетишкенин айтып беришти. Алардын бири Сабырбек Алкыштиевдин айтымында, атайын даярдыктагы кызматкерлери Ибраимовду кармоо үчүн анын жан сакчыларын жана жумушчуларын сабап салган. Алардын бири оор жаракат алып, ордунан тура албай калган болсо, айрымдары жеңил жаракат алган.

"Албек Ибраимовду УКМКга алып кеткенин анын үйүндө иштеген балдардан барып уктум. Алардын айтканына караганда, 30дай атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери үйгө колдоруна курал-жарак алып кирип, үйдүн сыртынан кайтарган күзөтчүнү, жумушчуларды жана жан сакчыларын кошо сабашыптыр. Бул окуя видеотасмага тартылып калгандыктан анын дискин да жулуп алышыптыр. Бул иш туура эмес. Муну деген басмачылык деп коёт. Өзгөчө жан сакчысын катуу сабаган экен, эки бөйрөгү ооруп, ордунан тура албай жатыптыр. Андан сырткары Ибраимовду саат 13:30 чамаларында кармап кетишкен болсо, саат 13:00дөн 14:30га чейин телефон байланыш таптакыр жок болуп жатты. Эл тосуп чыкпасын деп атайын байланышты үзгүлтүккө учуратышты.

Албек Ибраимов иштеп жүргөндө ичип-жеп койгондур, бирок аны мындай жол менен кармап кетиши туура эмес да. Күнөөсү барбы, коркутуп үркүтпөй эле акырын алып кетсе болот эле го. Мисалы, азыр балдардын сабалганы боюнча бизде далил да жок болуп калды. Себеби видеотасмага түшүп калган жазуулардын баарын алып кетишиптир", - деди Алкыштиев.

Албек Ибраимовду кармап кеткен үйгө барганыбызда Бактыбек аттуу күзөтчү УКМКнын кызматкеринин Ибраимовду кармап кеткенин көргөнүн айтып, бирок жогорудагы айтылган окуялар боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Айыл тургундарынын айтымында, Албек Ибраимов учурда жашап жаткан үйдүн аянты жалпы 33 гектарды түзөт. Сабырбек Алкыштиевдин билдиришинче, бул үй Албек Ибраимовго чоң атасынан калган.

"Албек ушул жерде төрөлүп, ушул жерде өстү. Азыр үйүнүн аянты 33 гектар. Бирок бул жерлерди Албек Ибраимовго эл өзү саткан. "Акча керек, алып койчу" деп эшигин каккылап отуруп сатышкан. Бул бала жалаң гана насыя алып сатып алчу. Мыйзамсыз жол менен тартып алган жок. Эл өзү сатып жатса, анда эмне күнөө бар", - деди Алкыштиев.

Албек Ибраимовдун кармалышына айыл тургундары нааразы болуп, айылдагы маданият үйүнө чогулушуп, коргоо комитетин түзүштү. Ага жалпы 10 адам кирип, алар тергөө калыс, сот адилет чечим чыгаруусун талап кылып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылмакчы болушту.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынын кармалган. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 29-августка чейин тергөө абагында калтырды.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Тийиштүү токтомго премьер-министр 19-июлда кол койгон.


кошулду





Арашандыктар УКМК Албек Ибраимовду үйүнөн күч колдонуп алып кеткенин айтышты

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(36)
20.07.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кызык, 33 гектар жер, хан сарайлар, кузотчулор, жан сакчылар... Демек дом.работницасы, короо шыпыргычы, жеке повары, айдоочусу, массажисти ж.б. да бар экен да... Мына сага бийликтеги жепжутарлар кандай жашап жатканы...

Менден тиги интервью берген кишиге суроо: Албектин акыркы 5 жылдагы айлык маянасынын олчому канча болчу?!! Ошол маяна менен гектар гектар жер алып, хан сарай салып, крлунда ошончо киши кармоого айлык-маянасы кантип жетти экен, Албек коррупционер болбосо?!!
20.07.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эмне эле 9000 сомдон көчөт тиксе да эч ким эч нерсе кыла албады десе АШАнын айылдашы турбайбы. Жегенин төлөп, жана жазасын эл катары тартсын!
20.07.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
33 гектар жерге 2 айылдын уйу бататго.4сотых жерге жетпей журобузго
20.07.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чакыруу келгенде барыш керек болчу,туура кылышкан.Тоготпогондук болгон.
20.07.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бул киши артындагы забордун ичине кирген да эмес болуш керек,коргогонду эмне кылат.
20.07.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
чакарганга келбесе XXXXXXX тээп алып кетет да туура эле
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-21 11:02:42
20.07.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир уйбулого ошончо 33гектар жер, элестетип коргуло 33гектар. Кинодогудай жашоого мунуку жан сакчылары, уй кызматкерлери.
20.07.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
33 гектар жер, блокпост,охрана аз келгенсип телохранитель ОХХООО, АЛБЕКЕН АШАдан ашып тушту окшойт!!
АШАга кылмыш жоопкерчилигине иш козгоого мынакей ДАНГЫР ЖОЛ!!
Буюртса биздин КР элинин Кудайга уну жеткен экен!!
20.07.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Садыр менен текебаейевти андан жаман кармап кетишти элего
20.07.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сени дагы камаш керек.Эл душманы деп коёт сага окшоп ууруларды коргогондорду.
20.07.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шадиевти дагы кармаш керек болчу ушинтип .
20.07.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам эй адам, озу тойсо да козу тойбойт экен го. 33гектар жерде уй элестет, эми бир суроо Албек мырзага отурган камеранын аянты канча экен?
20.07.2018. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чакырганда барбаса анан не эркелетип алып барыш керекпи жакшы кылат охраналары жон эле турса кантип урсун каршылык короткон да алар дагы
20.07.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Охооо бул киши пахта койгуч окшойт,лизун деп коёт буларды
SUPER.KG видео
20.07.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жемкорду коргогондор өздөрү да жеген. "Уурунун куйругу кууш" дегендей баарыңар жооп бересиңер.
SUPER.KG видео
20.07.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле кобуртуп жабыртып айтып жатканын "автомат,пулемет "деп.Ушундай уяты жок акча учун суйлоп койгон адамдардын тилин кезиш керек
20.07.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаш балдарыбыз менен Россияда 10жыл иштеп быйыл Кудай насип кылып уйлуу болдук,а булар болсо 33г жерге уй салганына жол болсун!!!МЭРдинмаянасы канча болду экен?!Уйундогу кызматкерлерине да айлык толосо керек охххооо жашоо жомоктогудай го.Эми баардык мулкун алып мамлекеттин карызына толоткулочу айланайандар бир чекеси болсо датолонуп калсынчы!!!Келечекте балдарыбыз ойноп кулуп жашоо кечиришсинчиии
21.07.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бирин олуп Бирин кал
21.07.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атангору 33 гектар жер бул деген бир айылдын улуш жериго, даа красиво жить не запретишь
SUPER.KG видео
21.07.2018. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик орган чакырганда эмнеге барбай тоотупда койгон жок. Күнөөсү жок адал таза адам болгондо жүзү эл алдында корунмок. Качып жан жоокорлору менен заңгыраган гектарлаган жерде журдуго. Кана кимдин кызыл китеби бар 33гектар жери бар экен. Карапайым эл 4сотик жергеда ээ боло албай жүрүшөт. Жери жок тентип орустун туалеттин жууп жүрүшөт Кыргыздын кыздары. Арашандыктар уялсанар боло.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-22 17:34:31
SUPER.KG видео
21.07.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала болот, чакырбаса барбаса туура эле кылышкан, анан силердин бетинер жок экен жалгандан кубо болуп, УЯТ!
21.07.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
33гектар жерди ээлеп жаткан экен да.Айылдашынвн оозун майлап койгон окшойт.Жазасын алсын эми
21.07.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айылдаштарына акча толоп берсе алар митинг кыла беришет да акчага кызыгып
21.07.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч мактай турган эл башчылар барбы бизде
21.07.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаныч Нурматов дегени бар ошол эң жакшысы
21.07.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай элдин ырыскысын жегендер менен кошоматчылардын кесепетинен алга жылуу деген жок да. Алкыштиев Арзыматтын урпактарынан окшойсун? Жугундукор бир соз менен айтканда..
SUPER.KG видео
21.07.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бериптир жашай берсин эки дуйно жомоктогудай!Бирок зекетин садагасын берип турган болсун!
22.07.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4сотых жер ала албай журобуз
23.07.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
33гектар жашаган жери эле болсо бети жок экен, териштиргиле эми жакшылап ошончо жумушчуну МЭРдин айлыгы менен кантип багып атат уяты жок экен да МЭРлике барбай койсо деле балким билинбей калмак беле эми озунун шору!!!
23.07.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеримди алып койчу деп элдер бир гана Ибраимовго жалдырап барыптырбы?Калпты окшоштуруп айтсан болмок гражданин Алкыштиев.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: