super.kg logo

Жалал-Абадда акыркы 6 айда 1342 кылмыш иши катталган

 

Бүгүн, 20-июлда Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилик курамы жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жыйынын өткөрдү. Анда башкармалыктын башчысы Кылычбек Жолдошов Жалал-Абад ОИИБинин бир жарым жылдыгында аткарган иштерге токтолду.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин ушул жылдын акыркы 6 айында нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине 2 миң 783 чакыруу түшүп, ыкчам тергөө тобу 2 миң 737 окуяга чыккан. Анын ичинен 454 үй-бүлөлүк чыр чатак болсо, 38и жалган чакыруу болгон. Ыкчам тергөө тобу тарабынан 72 кылмыштын бети изи сууй электе ачылган.

"Ушул жылдын 6 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны - 1342, кылмыштын бетин ачуу 87,3 пайызды түздү. Кылмыш иликтөө багытында жалпы 730 кылмыш катталып, 727 кылмыштын бети ачылып, анын ичинде 827 кылмыш иши тергелген (кылмыш иши тергелген боюнча сандын көп болуп жатканы ар бир шектүүгө эки же андан ашык беренелер менен кылмыш иш козголгондугунда). Ал эми өзгөчө жана өзгөчө оор кылмыштар былтыркы жылга салыштырмалуу 36га аз катталган", - деди Кылычбек Жолдошов.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.07.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мейли,иштеп жатканынарга ишендик!Санды кобойтуштун кереги жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: