super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Феликс Кулов: "Атамбаевдин жакындарына коюлган айыптар далилденсе, анын да коррупциялык иштерге тиешеси бар деген сөздөр айтылып баштайт"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары дээрлик толук камакка алынды. SUPER.KG порталынын бул окуялар Атамбаевди коррупцияга шектегенге негиз боло алабы? деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов жооп берди.

Ал билдиргендей, азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын. "Кармалгандардын үстүнөн тергөө иши жүрүп жатат. Тергөө бүткөн соң сотко материалдар жиберилет. Эгер сотто Кулматов, Исаков, Ибраимовдун жана башкалардын коррупциялык иштерге тиешеси бар экени далилденсе, анда эл ичинде Атамбаевдин да коррупциялык иштерге тиешеси бар деген сөздөр айтылып баштайт. Азырынча аны коррупцияга шектеп ушак айткан туура эмес, баары далилдер менен мыйзамдын чегинде айтылышы керек", - деди Кулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Искендер Матраимов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, юрист Таалайгүл Токтакунова, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: