super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы көбөйүүдө"

 

Жалал-Абад облусунда акыркы 6 ай аралыгында 234 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылдыкта 234 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 398 адам денесинен ар кандай жаракат алса, 56 адам каза болгон.

"Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу көп болду. Жалпы 63 жол кырсыгы катталса, мындан улам 11 өспүрүм көз жумган. Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол транспорт кырсыктарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу азайган. Анда 99 унаа кырсыгы катталса, андан 23 адам каза болуп, 210 адам жаракаттарды алышкан", - деди маалымат катчы.

Ошондой эле 6 ай ичинде жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айдоочуларга 21 миллион 918 миң 400 сом ѳлчѳмүндѳ айып төлөм салынган деп кошумчалайт басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.07.2018. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абад шарында кече куну МАИ кызматкерлердин куносунон еки жаш бала комада жатат,себеби маи кызматкерлери кууган булар качып баратып столбаны сузуп одарылып кеткен маи еч кандай жардам корсотбостон
Ошол жерден ииз жашырып качып кетишкен маи ге
Буларга ким чара корот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: