super.kg logo

Казакстанда муз үстүндөгү бийчи Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

 

Казакстандын Астана жана Алматы шаарларынын тургундары муз үстүндө бийлөө боюнча белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Астанада спортчу менен коштошууга келгендер “Барыс-Арена” спорт комплексинде чогулса, Алматынын тургундары Балуан Шолак атындагы спорт сарайында чогулууда. Белгилүү спортчунун коштошуу зыйнатына келген адамдардын саны миңден ашты.

Эске салсак, казакстандык белгилүү муз үстүндөгү бийчи, "Сочи-2014" Олимпиадасында коло медаль тагынган Денис Тен 19-июлда киши колдуу каза болгон. Белгисиз адамдар Денис Тендин унаасынан күзгү уурдоого аракет кылып жатканда бийчи ууруларды байкап калган. Натыйжада алардын ортосунда жаңжал чыгып, уурулардын бири Денис Тендин жамбаш жагына бычак сайган. Ал бычактан алган жаракатынан улам Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Денис Тен 3 литрге жакын кан жоготкондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок абалы оорлошуп, өзүнө келе албай каза болгон. Ал эми анын өлүмүнө шектүүлөр кармалып, тергөө иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
21.07.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу болсун,Кудайым Бейиштен орун Берген болсо экен.
21.07.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Он гулунун бири ачылбай кетти.Жаткан жерин жайлуу болсун,жайын жаннаттан болсун..
21.07.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Казак элинин кайгысын тен болушом
21.07.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан жери жайлуу болсун!
21.07.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зыйнаты же зыянаты?
21.07.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,туурасы зыйнат болот,зыянат деп коюшуптур.
21.07.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канадай болгон кундода жакшы иштерди коп кылган болсо балким Аллах Таалам Бейишине чыгараттыр!менимче христиан дининде окшойт?бул диндегилерге Жайын жаннатта болсун деген ОЗУ туура эмес болсо керек?
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-22 12:43:47
21.07.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун!!! Коп кырдуу талант ээси, кырчындай курагында, жарк этип жанып очту....
Минустарды эмне учун бастынар, урматтуу форумчулар???
21.07.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир кузгуго алмашкан омур. Кузгу сынды, кырчындай жайдары жигиттин омуру кыйылды. Озгочо жаралган жан эле. Аттин омуру кыска экен.
22.07.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман болсо кана эле?!жапжаш омур соолуду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: