super.kg logo

Ошто таанышынын унаасын айдап чыккан 21 жаштагы жигит жолдогу дарактарды сүзүп, 19 жаштагы кыз каза болду

 

Ош шаарында 21 жаштагы жигит таанышынын унаасын айдап чыгып, жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болуп, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-июлга караган түнү болжол менен саат 03:00 чамасында катталган.

"Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Факт боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда айдоочу Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп, убактылуу шаарда жашап жүргөн 21 жаштагы А.У. экендиги аныкталган. Ал Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Мөөнөк айылынын 28 жаштагы тургуну Э. уулу Н. аттуу таанышына таандык болгон Хундай Тускани үлгүсүндөгү унаасын айдап, Ош шаарынын Шакиров көчөсүнөн түштүктөн түндүккө карай бара жатып, рулду башкара албай дарактарды сүзүп токтогон. Анын кесепетинен унаанын алдыңкы отургучундагы жүргүнчү 19 жаштагы А. кызы Г. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу А.У. денесинен оор жаракат алып, Ош облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы оор", - деди маалымат катчы.

Бул жол кырсыгы боюнча Ош ШИИБи тарабынан соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
22.07.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акырын айдабайтда ошол ролго отургандар
22.07.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bolotbek1991,кызынын жанында мактанайын деген окшойт да.
22.07.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аллахым мындай кырсыкты эч кимдин башына салбасын! Байкуш жигит, сүйлөшкөн кызы менен жүргөн окшойт. Кыздын жайын жаннаттан кылсын! Экөөнүн тең ата-энелерине сабыр!(((
22.07.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
izdeim_seni, биринчиден жигит байкуш эмес, кыздын бейажал олумуно себепкер кылмышка шектуу... Болбосо шаар ичинде уруксат берилген максималдуу ылдамдык саатына 40 км. Бул ылдамдыкта бакты сузгон кундо да коп болсо бампер талкаланып, радиатор тешилет ашып барса... Демек жигит шаар ичинде опкосун колуна кармап, кеминде саатына 80-100 км ылдамдыкта унаа айдаган...

Chagylgan1 түзөттү 2018-07-22 14:45:18
22.07.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Chagylgan1,
Жол эрежесин окуп коюңуз, населенный пункт 60км.саат, мектеп, бала бакча 40км.саат.
Эл жашаган жерлер 20км.саат.
Трассада 90км.саат.
Анча мынча туура эмес которуп жазып койдум окшойт.
22.07.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жолдо баратып бири биринин к03ун тиктебей,жолду карайт да!!!
22.07.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Коопсуздук курун тагынган эмес да. Бизде өзү курду тагынбайт айдоочулар аларга западло го. Бир эле айдоочулар эмес жүргүнчүлөр да
22.07.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Blackmoon,шаар ичинден ремень такпайт себеби ылдамдык 50-60тан ашпашы керек
жол эрежеси боюнча
Missing-u түзөттү 2018-07-22 13:25:56
22.07.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Missing-u, Коопсуздук кур тагылат. Шаар ичинде 50-60 журсон каршы тилкеде да 50-60 журот. Кудайсактасын кокус кагылышп кетсе 100-120км саат болот.
22.07.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу коопсуздук курун тагынбай канчалаган киши каза болушат. Көрүп эле жүрөбүз качан гана ГАИни көрүшкөндө ийинине илимиш болуп, өтүп кеткенден кийин кайра коё берип коюшат. Водителдер өзүлөрү. Анан башкаларды айтпай эле коёлук. Ал ГАИлер үчүн жазалгандай
22.07.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кандай заманга калдык, олкодо мыйзам иштебесе, элдин адеп-ахлакы бузулуп жатса...Болбосо айдоочу шаар ичинде бара жаткан сон жол эрежелерин сактап унаа айдаса ушундай жол кырсыгы орун алат беле?!!ХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-27 09:27:17
22.07.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Chagylgan1, азаматсын. ачуу чындыкты жазыпсын!
22.07.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chagylgaнn1, ачуу чындык....
22.07.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
себеп дегенибиз менен Аллахда сактанганды сактайм дейт.
23.07.2018. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал кыз менин бир тууганым! мага ошибкасы жок идеально болосунарго экрандын артында туруп! ХХХХХХ ХХХХХХ сен нени билесин кыз жонундо???
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-27 09:26:39
27.07.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Бидирүүлөр тазаланды!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: