Чолпон-Ата шаарында 5 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолукту






Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20-22-июль күндөрү Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда мыйзамсыз баңгизатты ташуу, терроризм, экстремизм, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле экономикалык жана маданий кызматташтыкты арттырууну жана суу-энергетика тармагын, товар жүгүртүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Тышкы иштер министрлери чек ара тилкелерин тактоодогу соңку иштерге оң баа беришип, ушундай жолугушууларды дагы да өткөрүп турууну макулдашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Боорду эздин го...
Кабарлардан да комментарийлер кызыктуу