super.kg logo

Ысык-Көлдө автобуска 50 жүргүнчүнү салып, мас абалында жолдо кетип бараткан казакстандык айдоочу кармалды

 

Ысык-Көл облусунда мас абалда 50 жүргүнчүнү салып, каттамга чыккан автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, автобус Түп-Бишкек каттамында бара жаткан.

"Бостери айылында атайын рейд жүргүзүлүп, Neoplan үлгүсүндөгү унаа бүгүн, 22-июлда эртең менен токтотулган. Автобустун ичинде 50 жүргүнчү болуп, арасында жаш балдар да бар болгон. Айдоочунун документтерин текшергенде ал Казакстандын жараны экени белгилүү болуп, андан ичимдиктин жыты жыттанган. Ичкен-ичпегендигин аныктоо үчүн атайын жайга жиберилгенде айдоочунун мас экени аныкталган", - деди аталган башкармалык.

Айдоочу Казакстандын 48 жаштагы жараны болгон. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Ал эми жүргүнчүлөр башка кичи автобустарга түшүрүлдү деп кошумчалайт башкармалык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.07.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
50 адамдын убалына калса эмне болмок?! Дагы жакшы, токтотуп калышканы.
22.07.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул казактын жеке эле 50адам эмес башка адамдарга дагы зыяны тиймек,дагы жакшы токтотуп калышыптыр.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-23 06:07:37
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: