Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев анын дарегине бош конверттер келгенин жазып чыкты. Эскертүүбү?



"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.
"Менин атыма кыргыз почтасы аркылуу 2 бош кат келиптир. Бул эмнеси, кокуй? Шадиевден го десем жөнөтүлгөн жери Бишкек экен", - деп жазган Уланбек Эгизбаев өз билдирүүсүндө.
Уланбек Эгизбаев өтө чуулгандуу коррупциялык иштерди ашкерелеген бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жасап келгени менен таанымал.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Коррупционерлерге жол жок.
Көбүнүн коррупциялык иштери ачылып калды да ошону үчүн алар буга тоскоолдук жаратууну пландап жатышабы билбеймин!
Бирок, сиздин ар бир иликтөөңүздү тынбай көрөмүн.
Азаматсыз!!!...
"Кыргыз почтасы аркылуу келиптир"_деп жатат.Демек ал жерде почтанын моору басылып турат,эгер эшигин астындагы га салып кеткенде жоон эле актай кагаз салса да болмок.