Депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду
Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
УКМКдан билдиргендей, Артыкбаевдин ден соолугу канааттандырарлык. "Операциядан кийин УКМКнын тергөө абагына которулду", - деп билдиришти.
10-июлда депутат Улуттук кардиология борборунда бир жумадан бери жатканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү анын жактоочусу Айжан Орозакунова Артыкбаевге операция жасоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын билдирген. 20-июлда Орозакунова Артыкбаевге дале операция жасала электигин айткан.
Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Биринчи Май райондук соту Артыкбаев тергөө иштери аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.


Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынган! Бир билдирүүнү кайталап жаза берүүгө болбойт!