super.kg logo

Ысык-Көл ОИИБи журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратты

 

Ысык-Көл ОИИБи журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча атайын билдирүү жасады.

"Айрым адамдар өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп жатышабы, айтор социалдык тармактарда Уланбек Эгизбаевдин өлүмүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып, атайын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө жалган маалыматтарды таратышууда. Ушундан улам коомчулугубузду чындыкка дал келбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакыруу менен, окуянын кандай болгондугу жөнүндө билдирүү жасадык", - деди басма сөз катчы.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын "Тез жардам" бѳлүмүнѳн “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып, азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы адам кѳлгѳ чѳгүп каза болгондугун билдирген. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Кѳл РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган.

"Ыкчам тергөө тобу 22-июль күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 28 жаштагы “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып чѳгүп каза болгондугу аныкталган. Маркум жубайы Сапаргүл Абдинабиева экѳѳ 19-июлдан 22-июлга чейин эс алып жүрүшкөн. Кырсык болгон күнү болжол менен саат 11:00 чамасында ижарага алган бѳлмѳсүнүн ачкычын администраторго тапшырып, Бишкек шаарына чыгар алдында журналист дагы бир жолу көлгө түшүү үчүн барган. Кара-Ой айылынын тургундары 10 жаштагы Ж.Курманбектин жана 14 жаштагы А.Кудайбергендин айтымында, алар ошол күнү кѳл жээгинде эс алуучуларга жүгөрү сатып жүрүшкөн. Андан кийин алар көлгө түшүп жаткан мезгилде эс алуу жайындагы кѳлгѳ секирип түшүүчү пирстен 20 метр алыстыкта бир адам чабалактап кѳлгѳ түшүп жатканын кѳрүшүп, ал адамды ойноп жатат го деген ойдо кѳңүл бурушкан эмес. Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин ал адам кѳлдүн үстүнѳ калкып чыгып калганын кѳрүшүп, ошол жердеги кѳлгѳ түшүп жаткан чоң кишилерге айтышып, ал жерден үч киши кѳлгѳ кирип Уланбек Эгизбаевди жээкке алып чыккандыгын айтып беришкен", - деди Сталбек Усубакунов.

Ошондой эле Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 22 жаштагы тургуну А.Сыргактын айтымында, аларга кичинекей балдар көлгө бир киши калкып калды деп айтканда эле үч адам болуп, ал адамдын денесин көлдүн жээгине чыгаргандыгын айтышкан. Ошондой эле “Акун” эс алуу жайынын кызматкерлери суудан куткаруучу Т.уулу.Бакай жана медайым Ж.Назгүл сууга чөккөн адамды куткарып калуу үчүн жасалма дем алдырышып, биринчи жардам кѳрсѳтүшкѳн, бирок андан эч натыйжа чыккан эмес.

Кийинчерээк көлгө чөккөн журналист Уланбек Эгизбаев экени аныкталып, анын сөөгү Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын өлүкканасына алып келинген. Ошол убакта Эгизбаевдин бир тууган эжеси Түп районунун Сары-Дѳбѳ айылынын тургуну К.Назгүл келип, ѳтүнүч арыз менен кайрылган. Арызында, инисин Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборунан тийиштүү экспертизадан өткөрүлүшүн көрсөткөн. Аталган факт Ысык-Кѳл РИИБинде катталып, Улан Эгизбаевдин сөөгү Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилген деп кошумчалайт басма сөз катчы.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдѳ.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Комментарийлер(30)
23.07.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баары бир кумон ойду жарататкоо...
23.07.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Накти жепсинер бутунан тартып бир нерсе кылып эле ольурдунор гандон ИИМ кодунардан бир иш келбейт
23.07.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
haydarkan,+++Менин кумонум кечээ ооруканада каза болду деп маалымат берген ИИМ,бугун болсо ошол жерде эле жасалма дем алдыруу натыйжасыз болгон,ооруканага типа экспертизага жибердик дегендей маалымат беришти,жалган любой жерде озун ачып коет,билинип эле турат заказ экени,ушуга окшогон эр азаматтарды кырып жок кылып,аягында бай коррупциянерлер озулору эле кала турган болду,Жээнбековго айтар элем президентигинизди ушул жерден далилдениз, Улан Эгизбаев али сиздин короонузга таш ата элек болчу деп
monster_high_98 түзөттү 2018-07-23 11:44:49
23.07.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Бир Кудай билет кандай болуп чокконун.
Эгер атайын заказ болгон болсо анда суучулдардан (водолаз)жалдап деле олтуртуп коюшу мумкун.суунун тубу менен барып бутунан тартып чоктуруп кетип калса водолазды ким кормок эле .
23.07.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Adil706070,мен да сиздей ойлоп жатам
23.07.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
ИИМге эч ким ишенбейт да, ошол учун да эч ким ишенгиси келбей турат.....
23.07.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Менда ойлоп жатам суунун түбүнөн келип мүмкүн бутунан тарткандыр деп акыркы күндөрү коррупциялык иштердин бетин ачып мыкты журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан мисалы Ала арча көрүстөнүндогу коррупциялык иштер.
23.07.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Оозунан кобук чыкты деп атышпайбы.Сууга чоккон кишинин оозунан кобук чыкпайт го.Уу берип коюшу деле мумкун тамагына кошуп
Azat.97 түзөттү 2018-07-23 11:29:24
23.07.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Маалыматтар бир-бирине дал келбей жатат.

Кечоо маркум сууга чого баштаганда куткаруучулар куткарып калып, райондук ооруканага жеткенде каза болгону айтылган.

Бугунку маалымат боюнча суу устундо калкып калган денени ошол жерде жаш балдар коруп, алардын айтканынан улам 3 киши барып денени жээкке тартып келген. Анан гана пансионаттын куткаруучусу менен медайымы келип, жасалма дем алдырууга аракет кылышкан. Майнап чыкпаган сон райондук оорукананын олукканасына жонотулгон им
23.07.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бекерлерди айтып атышат ушинтсе эле эл ишене коёбу?эл көк мээ эмесда ачык айкын эле өлтүрүшкөндөрүн билип калышты
23.07.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Атайын даярдалган топ эле олтурду го дейм суунун асты менен барып.Же больницада тынчытышты.Жайын жанаттан болсун!!!
23.07.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аттин эмне болгонун бир Аллах билет.Кыргыз элим орду толгус жоготуга учурады.
23.07.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
10 жана 14 жаштагы балдардан башка куболор жок бекен э?
23.07.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AJow, болсо арты ачылмак да заказчиктердин.
23.07.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Заказ, буйрутма, козун тазалашты айбандар.
23.07.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Таң калыштуу, биринчи ооруканага жетип каза болду деп айтышкан экен, эми сууга калкып чыгып калыптыр,биринчи жардам берүүдөн натыйжа чыккан эмес дешкени эмнеси? Буюртма экени сокурга деле көрүнүп эле турбайбы.
23.07.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Журналисттик иликтоо тергоочулордун иликтоосун талаага калтырат да. Бир нерсенин учун тапкан ошол себептен сууга чокту кылып коюшту. Жайын жаннат болсун. Кан узатпайт жарыка чыкса экен баары. Чындык чыркырайт деген ушул экеен.
23.07.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун. Коррупциялык иштерди коруп билип туруп ооз жузундо айтып чара корбой журо берген кул муноз эл экенбиз. Эшегине жараша тушагы дегендей бийлик башындагы чиновниктерди коптургон элдин озундо айып.
23.07.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Улан Эгизбаевдин келинчегиден сурап коруш керек экен эмне болгонун ,Улан сууда кандай сузчуу?,Уландын эч жери ооруган эмес беле?,Улан эмне учун ошол 20метрлик аралыктан секирди?
23.07.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматту Кыргыз элинин башчысы Сооронбай Шариплвич Жээнбеков, ушундай кылмышпы же кырсыкпы ИИМне озунуз коз салып , озунуз бир чындыкты эл алдына чыгышына себепкер болсонуз, кандай гана жаш, кучтуу, Кыргыздын келечегине керектуу улан кыздарыбыз, оз кызыкчылыгын ойлогон оз курсагын ойлогог же болбосо жеп эч бир тойбогог акмактардын айынан жок болуп баратат бул эмне деген шумдук.
23.07.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечээ эле больницада өлдү деп жаттыңар бүгүн башкача маалымат таркатып жатасыңар кандай түшүнсө болот муну
24.07.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19, Ар турдуу актануу..
23.07.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дачасуда 100 го жакын адам олду эстен чыкты уже бул жигитда сууга чокту менен калатко чындык жоооооооок
23.07.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаргулдун куйоосу турбайбы
24.07.2018. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи бул жерде таза соз жок кыскасы.. Абдан кыйын Журналист эле арбагын сорсун ким кылса да коруп турган жалгыз озундон Жана Кудайдан башка кубо жок.. Кудай бар экени чын болсо жазасын берсин.
24.07.2018. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким озунун ажалы менен олгондур сууга чогуп туугандар. Буттары, колдору туйулуп калып чогуп кетиши да мумкун. Алдын ала бир деме деп айтыш кыйын. Куто туралы следствие буткучо куноого батпай.
24.07.2018. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канткен күндө дагы эң бир патриот жигитибизден айрылып калдык.Өтө өкүнүчтүү!(((
24.07.2018. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин оюмча өз ажалы менен эле өлгөн. Өлтүрчү киши мына азыр кетем дегенче күтпөйт эле. Келген кезинде эле чыгынмак. Улан почти кеткен экен да кетип жатып случайно оюн өзгөртүп келе калган экен. Чындап тапшырма алган киши өлтүргүч мынча күтпөсө керек. Бул менин жеке оюм.
24.07.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ооруп чыкты. Жакындарына , Кыргыз элиме баарына сабыр тилейм.
24.07.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо чабалактап атканда буттан тартып ажал менен алышпады бекен деген кумон ойлор туулуп атат. Эми аны бир Аллахым анан дагы бир озу билген бойдон кетти байкуш. Жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: