super.kg logo

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жаңы айып коюлду

 

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жаңы айып коюлду. Бул тууралуу 23-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилеринин негизинде Албек Ибраимовго айыбы угузулду.

"Албек Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер участокторун Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда өзгөчө ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатып, алар аркылуу башка жактарга сатышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынын кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(18)
23.07.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Албек Ибраимовдун айылдаштары 20-июлда Арашан айылында чогулушуп, андан кийин «Манас» аэропортунун автобустары менен Албек Ибраимовдун борбор калаадагы кеңсесине келишти. Анан алар Албек Ибраимовду коргоо боюнча 10 кишиден турган комитет түзүшкөнү маалым болду. Алар Албек Ибраимовду кимден коргошот? Аны бирөө уруп-сабап атабы? Же жөн эле алып барып камап атабы? Андай болгон жок. Ага карата козголгон кылмыш иши бар, ал кылмыш ишине конкреттүү негиз бар.
23.07.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bekmirzach,
Албектин ордуна Жээнбековдун коррупцияга баткан кадрлары келээри талашсыз. Азыр майсуу - суттуу жерлерди Жээнбековдун кадралы тонойт. Буйурса Бишкекти Жээнбековтордун кошоматчылары тоной турган болду. Жээнбековдун максаты болгону ошол жакшы креслолорду ээлеш к-к. Азыр Жээнбековтордун озун чукуп чыккан киши жок. Болбосо буларды дагы коррупцияга такап камаса болот.
sinej түзөттү 2018-07-23 11:32:21
23.07.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
sinej,Сен да арашандык окшойсун, кеп кадимки коррупция иши, номер 1 коррупционер жонундо болуп жатса сен болсо аны саясаттташтырып атасын, ким жесе жооп бериши керек, ким экенине карабай
23.07.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Албек аябай эле гооп кеткен экен, УКМКнын кызматкерлерин силерге снайпер жалдайм дегенден кийин бутту да, бул анын ошончолук гооп эч кимди тоотпой калганынан кабар берет, ошондуктан Кыргызда жакшы соз бар "Семиздикти кой которот" деген адамга семиздик жакпайт ушинтип гооп калат Албеке окшоп.

23.07.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bektur2011, гооп дегениң көөп кетти деген сөз болсо керек.
23.07.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айып кошулду,кошулду,кошулду,кармалды!Башка айыбы далилденди,жазаланды деген маалымат жок!куйгуздунор чиновниктер!баарын кырылып олгулочу!!!
23.07.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тарс тарс эле тагдырын чечип салышпайбы! Майдалап, ишти созо бербестен! Жеген ичкендерин балким жылдап иликтейттир, бирок, сот отурумун -ана-мына- деп жылдырып отуруп жыл отуп кетет.

Чынында куноосу барбы?! Куссун!
23.07.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Албекти камаш керек 20 жылга. 6 сотх жерге жетпей жүрсөк булар атасы экөөбү мулти миллионер болуп жүрүшөт. Мамлекетти тоноп
23.07.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин мобу камалып жаткан 10-12 адам Кытайда камалган болгондо, 1 ай ичинде уй-мулку конфискацияланып, каткан-жашырган байлыктары табылып, чет олкодогу оффшордук банк эсептериндеги акчалары кайтарылып, бир ай ичинде соту болуп, куноосу далилденип, бир айдан сон баары тегиз атууга кетмек...

Бизде болсо 2-3 жылда бийлик менен сот айыпталуучудан акча ондуруп, анан болбогон шылтоо менен эркиндикке кое берет, Тулеев, Келдибеков, Нарымбаев ж.б. бошоткон сынары...
23.07.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздикилер аябай созуп ийишет да же качан канча бере коет деп кутушобу билбейсин
23.07.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арам тамак аш болбойт деп кыргыз элим бекер айтпаса керек. Же алмайдын бермейи бар дегендей.
23.07.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Албек учурунда алдын эми Кусбек или Бербек
23.07.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча айыбы болсо 2кундо соттоп жазасын бергиле мыйзам чегинде далилдеп туруп анан ушундай кылган болуш керек деп камап салбай!!!
23.07.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанды талап тоногонду качан токтотот десен, Ибраимов кетсе башкасы келет, анысы да тоноп жеп ичип кетет, андан коро кытайлардын законун колдонуш керек, ХХХХХХХХХ, болбосо токтобой
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-23 15:58:25
23.07.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкайлы. Кандай иштешээр экен биздин сот прокурорлор. Эгер ушул кишинин уй мулку конфискацияланып тиешелуу жазасын албай турган болсо пикетке чыга тургандарга мен да кошулам.
23.07.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ХХХХХХХХХ байлыгын баарын мамлекетке откоруп озун жазага тарткыла, буга окшогондордун бир канчасы бар, жалан мамлекеттин акчасы мн байыгандар, ушулардын баарын сыксале мамлекеттин тышкы карызынан жонле кутулат, ан учун соодалашып анан актап ийбей адилеттту чечим кабыл алып жазалагыла жегичтерди.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-24 11:09:28
24.07.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албек Ибраимовдун айылдаштары 20-июлда Арашан айылында чогулушуп, андан кийин «Манас» аэропортунун автобустары менен Албек Ибраимовдун борбор калаадагы кеңсесине келишти. Анан алар Албек Ибраимовду коргоо боюнча 10 кишиден турган комитет түзүшкөнү маалым болду. Алар Албек Ибраимовду кимден коргошот? Аны бирөө уруп-сабап атабы? Же жөн эле алып барып камап атабы? Андай болгон жок. Ага карата козголгон кылмыш иши бар, ал кылмыш ишине конкреттүү негиз бар.
24.07.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmirzach,Чайын ичип акчасын алып койгон куурагырлар да. Эми жегенинди акта депишилилеп айдап келип атат да акчасын төлөгөндөр. Болбосо жанагынчаны жеген экен акыл эси оордунда киши ушуну коргойбу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: