Өкмөт башчы ичүүчү сууга болгон бааны көтөрүүнү сунуштады
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу 23-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Премьер-министр "Ала-Тоо булагы" программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде ичүүчү суу боюнча маселелерге токтолду.
"Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун суу менен камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Буга чейин "Таза суу" программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керек жана суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра карап чыгуу керек.
Суунун бир куб метри - бул миң литр, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5 сом 38 тыйын, ошол эле учурда өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет. Чогултулган каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалат", - деди өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилеп көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.
"Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу – бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек", - деди Абылгазиев.
кошулду


Сокен баш, сен тош болуп тойгуздунар го силер... Ошончо уурдап-тоноп жаткан байлыкка тойбой жатасынарбы ыя?!!
Токтогул суу сактагычындагы суу кобойуп, тыштан электр энергиясын импорттоону токтотконубузга 3-5 жыл болду, дале болсо эл 2 сом 18 тыйындан толоп келет, эмнеге?!! Эмнеге баштапкы баага кайтпайбыз ыя?!! Ансыз да жокчулуктан эл тентип журот, булардын ою байлык, элди тоноо..
Соке элди ойлосо ушуга окшогон кадрларды кызматка сунуштайт беле?!! Сокени аппак корсотуп эмне кыласын?!! Коп нерсе Сокеге барып такалат...
Абулгазиев ошол уурдалган акчаларды кайтарбайбы казынага, кайра эле элге салык салгыча...
Жаштардын 2/3 тышта тентип журот. Ошолор жыргаганынан тентип журобу тышта?!!
Мен айтып эле келемин, Соке менен ал бийликке алып келген кадрлары Атамбаевдин коррупциялык кочун улантат, элдин жашоосу онолбойт деп... Мына бир далили.....
Сокен экоон элдин жашоосун жакшыртууга эмес, кайра кыйналган элди ансайын тоноого аракет кылып жатасынар...
Монгулорду талкалоого уруксат берип, монгулор талкаланып жатат. Ушунча болду, таза суунун баасын 50 сом деп ал эми...
50 сом эмне болуптур деп кебелбейсин да, анда жооп берчи, эмнеге эл электр энергиясына 70 тыцын эмес, 2 сом 18 тыйындан толоп келет, электр энергияны тыштан импорттоп албаса деле?!! Эмнеге?!! Элге 2,18 сомго сатат да, Озбекстанга 1,5 сомдон сатат. Бул эмне дегени?!!