Британиялык 100 жаштагы аял узак жашоонун сыры менен бөлүштү
Британиянын жашоочусу өзүнүн 100 жашын белгилеп, узак жашоонун сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эйлин Махер Блэкпкул шаарында карылар үйүндө жашайт. Бул карылар үйүндө Махердин 100 жылдыгын белгилөө үчүн атайын майрам уюштурушкан. Салтка айланып калган торттон башка, кеченин конокторуна Махердин сүйүктүү печеньелери жана сыра берилген.
Дал ушул печенье жана сыраны Махер өзүнүн узак өмүрүнүн себепкерлери деп эсептейт.
"Менин туулган күнүмө майрам уюштурулат деп ойлогон эмесмин. Мен сыра ичкенди жана печенье жегенди жакшы көрөм. Ушул 2 азык менин 100 жашка чыгышыма себепкер деп ойлойм", - деген Махер.
Эйлин Махер карылар үйүнө жолдошу каза болгондон кийин 2015-жылы келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Тегирменге тарттырып анан койдун куйругуна демделген жайдары куручту майлуу кылып билеке чейин агызыыып майын жейт элем десем.Анан элдин баары мени туурайт.