Орусия полициясы Москвада эки баланын барымтага алынганы боюнча маалыматты төгүндөдү
Бүгүн, 23-июлда Орусиянын Москва шаарындагы батирлердин биринен Кыргыз аялдын эки баласы белгисиз эки адам тарабынан барымтага алынганы боюнча маалымат тараган. Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкармалыгы балдардын барымтага алынганын төгүндөдү.
"Дүйшөмбү күнгө караган түнү ижарага алып жашаган аялдардын үйүнө эки киши келип, ал үйдө буга чейин жашап кеткен тааныш адамдын карызын берүүнү талап кылышкан. Бирок ал аял жаңжалдашкандан кийин сыртка качып чыгып кетип калган. Алар үйдөгү жашы жете элек эки бала менен калып, эшикти жаап алышкан", - деп айтылды ИИМдин Москва шаары боюнча башкармалыгынын маалыматында.
Ал эми Кыргыз мамлекетинин Ички иштер министрлиги маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн Орусияга суроо-талап менен кайрылганын мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сиетов кабарлады.






1 |