super.kg logo

ИИМ: "Москвада үйгө кирип барып жашоочулардан акча талап кылгандар Өзбекстандын жарандары болуп чыкты"

 

Бүгүн, 23-июлда Орусиянын Москва шаарындагы батирлердин биринен Кыргыз аялдын эки баласы белгисиз эки адам тарабынан барымтага алынганы боюнча маалымат тараган. Кыргыз мамлекетинин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, ал аял дагы, үйгө кирип барган эки адам дагы Өзбекстандын жарандары болуп чыкты.

"Маалым болгондой, Өзбекстандын 1993-жылы туулган Ю.У. аттуу тургуну Москванын Симоновск көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки курбусу менен жашап жаткан батирине 22-июль күнү саат 23:00 чамаларында мас абалдагы белгисиз эки адам кирип келген. Белгисиз адамдар аларды бычак менен коркутуп, акча, баалуу буюмдарын жана уюлдук телефондорун тартып алууну көздөшкөн. Ал учурда үч курбу сыртка качып чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бирок тоноого келген эки адам эшикти үйдүн ичинен жаап алгандыктан Ю.У. аттуу келиндин 5 жана 7 жаштагы эки баласы сыртка чыга албай калган. Саат 3:30 чамаларында Орусиянын коопсуздук кызматынын кызматкерлери келип эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинен Өзбекстандын 1989-жылы туулган З.М. жана 1990-жылы туулган А.А. аттуу тургундары кармалышкан. Жыйынтыгында бул ишке Кыргыз жарандарынын катыштыгы жок экени такталды", - деп билдирди ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
23.07.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Вооо ушинтип тактаса болот экен го
23.07.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай өзу сактаптыр.Кыргыздар болбогонуна кубандым! Каерди карасаң кыргыз деп рекорд койойун деп калды эле!Кай жерде болбогула улуту кыргыз боордош бир туугандарым аман болуңуздар
23.07.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Билбей туруп эле жаза берген ММКларга тан каласын бир элди уят кылып! Жакшы кырсык болбой аман калыптыр балдар, эми оз жазасын алашсын!
23.07.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар кыргыздар деп эле какшанып болуп калды эле жмклар.
23.07.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар чет жерде тынч жүрсөңөр. Бир келесоонун айынан, жалпы кыргыз жаман көрүнүп жатат.
24.07.2018. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дальше эмне болуптур???? Берки келин жаш балдар менен эмне болушуптур????
24.07.2018. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Квартира снимайтетишип алып озбек тажиктерди да кошо киргизип алышат. Бир квартирада бир озбак ваннага скрытая камерая коюп койгон экен. Бир кун свет очуп калыптыр бир эже жуунуп атса. Карангыда чочулап аяк биякка караса бир точкадай жарык жанып туруптур. Алып караса видеого тартчуу аппарат экен.
24.07.2018. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирдеке болсо эле кыргыздар деп турушат какбутто башка улут россияда жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: