super.kg logo

Чүйдө эсин жоготуп жолдо калган жаранды милиция кызматкерлери сактап калышты

 

Чүй ОИИББинин көчмө кабылдамасы эсин жоготуп жолдо калган жаранды сактап калды. Бул туралуу бүгүн, 23-июлда аталган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунда Чүй ОИИББинин көчмө кабылдамасы жол карта боюнча айланма жол менен чыгышты көздөй бара жаткан. Кызматкерлер Хонда Стрим үлгүсүндөгү автоунаа токтоп, жанында аял киши өтүп жаткан унааларды токтотууга аракет кылып жатканын көрүшүп, жанына барышкан.

"Токтоп турган унаада жолдошу өзүн жаман сезип, эсин жоготуп жатканын айткан аял аны тез арада оорукана жеткирүү керектигин билдирген. Милиция кызматкерлери алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына телефон чалышкан. Бирок "Тез жардам" кызматы ал жерге жеткенге чейин бир топ убакыт талап кылынгандыктан, бейтапты жана аялын көчмө кабылдама унаага салып, кызматкерлердин бири алардын автоунаасын айдап Ысык-Ата районундагы аймактык ооруканага жеткиришкен. Ооруканада дарыгерлер бейтапка дароо медициналык жардам көрсөтүшүп, эсине келтиришкен. Ал Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну Жеӊишбек Солтоев экендиги маалым болду. Анын бөйрөгүндө таш бар болгон, ал ошонун таасиринде эсин жоготуптур", - деди маалымат катчы.

Күтүүсүздөн эсин жоготуп жолдо калган учурда жардамга келген милиция кызматкерлерине Жеӊишбек Солтоев ыраазычылыгын билдирип, өз кесибин сүйүп иштеген милиция кызматкерлери бар экенине кубанганын жашырган эмес.

Эске сала кетсек, көчмө кабылдамалар жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алып, аларды ыкчам түрдө чечүүнү колго алып, жардам сурагандарга кеп-кеңештерди берүүнү жүзөгө ашырышат. Бул кабыл алуучу көчмө пункттар 2018-жылдын 5-июлунан тарта ишке киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(1)
23.07.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы кабар. Адам омурун сактап калуу ЭРДИК!!
Кочмо кабылдамасынын кызматкерлеринин учурунда жардам берип кол учун созгондоруна кубандым.
Чуй ОИИББсынын ушул аты аталбаса да суроттордон коруп турган кызматкерлерине ЧУЙ ОИИББсы не только Женишбек Солтобаевдин атынан, оздорунун жана калкыбыздын атынан АЛКЫШ жарыялайт деп ишенем!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: