super.kg logo

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард 9 миллион сомго көп салык чогулду

 

23-июлда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Мамлекеттик салык кызматынын ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде 2018-жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салык органдарынын салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулду.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын январь-июнь айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 37 миллиард 5 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулган. "Бекитилген план 101 пайызга же 468 миллион 3 миң сомго ашык аткарылган. 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 миллиард 9 миллион сомго көп салык чогултулду. Анын ичинде республикалык бюджетке 30 миллиард 4 миң сом салык түшкөн. Пландын аткарылышы 101 пайызды түзүп же 316 миллион 8 миң сомго жогору аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3 миллиард 3 миллион сомго же 11 пайызга жогорулаган", - деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун айтымында, бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда Салык кызматынын ролу жогору.

"Бюджетке салык жыйымдары боюнча көрсөткүчтөрдү камсыздай албаган жогоруда аталган салык органдарынын кемчиликтери байкалууда. Ошол себептен салык органдарынын жетекчилигинин жоопкерчилигин карап чыгып, тийиштүү чаралар кабыл алынышы керек. Салык түзүмдөрүнүн айрым жетекчилеринин шалаакылыгы өкмөттүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасынын аткарылышынын жалпы көрсөткүчтөрүнө өз таасирин тийгизбеши керек", - деди Замирбек Аскаров.

Замирбек Аскаров белгилегендей, Мамлекеттик салык кызматы башка мекемелер, жергиликтүү бийлик органдары, инвесторлор жана өнөр жай ишканалары менен биргеликте иш алып баруусу керек. Салык саясаты туура жүргүзүлгөндө гана салык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: