Өкмөт сунуштаган токтомго ылайык ар бир жаран телефонун каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом төлөйт
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу аталган комитеттин тараткан маалыматында айтылат.
Ага ылайык, ар бир байланыш телефондору каттоодон өткөрүлөт. "Тагыраак айтканда, ар бир сырттан келген жана өлкөдөгү жарандар колдонгон телефондордун IMEI-кодун мамлекеттик идентификациялоо системинин каттоосуна киргизүү иши жүргүзүлө баштайт. Жаран өз телефонун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом каражат төлөшү керек болот. Бул токтом долбоорунун максаты - өлкөгө мыйзамсыз жол менен келип жаткан телефондорду токтотуу. Ошондой эле токтом долбоор телефон уурдатуунун алдын алат", - деп жазылат маалыматта.
Мекеменин кошумчалаганы боюнча, мындай практика Армения, Түркияда ийгиликтүү иштеп келе жатат.


Телефон издегенди кое туруп казынадан уурдалып жаткан миллиарддарды таап алгылачы биринчи!!!
Телефонду IMEI коду менен издесе болот...
Акча үчүн өлүп баратасынар, каяктан акча чогулушту билбей. ар бир жаранда телефон бар.ошончо миллиондогон акчаны эмне кыласынар???
Оюңарга келгенди оттой бергиле,
Бийликке келгенден бери бир да жакшы иши жок, эми каяктагы салыктарды айтат...
Эл симкартасын каттатып жатат, ошого шугур кылгыла. Телефонду каттасанар бир нерсе озгоруп кетмек беле, кийин телефон жоголуп издесенер да imei коду менен издейсинер. Анда эмне кереги бар каттоонун?!!
Ачыгын эле айтпайсынарбы, элди тонош керек болуп жатат деп.......