Депутат Бекешев: "Телефондорду каттоону акысыз кылуу керек"
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев телефондорду 100 сомдон каттоодон өткөрүү боюнча өкмөттүн токтомуна нааразы. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Өкмөт токтом долбоорун даярдап жатканда мыйзамдагы нормаларга таянышы керек. Каттоо төлөмдөрү жөн эле киргизилбей, жаранга пайда келтириши зарыл. Тейлөөдөн жарандар пайда көрүшү керек. Бул жерде өкмөт эле пайда көрөт. Өкмөт мындай жол менен көмүскө экономикадан чыгабыз деп жатат. Ооба, андай көйгөй бар, бир топ уюлдук телефондун бажы төлөмдөрү төлөнбөй келет. Бирок бул Бажы кызматынын көйгөйү. Биз буга уруксат берсек, анда башка органдар ушундай маселени көтөрүшөт. Телефондорду каттоо туура эле. Бирок каттоо акысыз болуусу шарт", - дейт Бекешев.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, жаран өз телефонун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом каражат төлөшү керек болот.


Казынага да салым кошкон болот элек.
Карупсиялашпаса болгону......
Өлкөбүз үчүн 100сомдон берсек ашыкча болбос!!!
Азыр элдин баары Аза кутуп олтурганда башканы койуп буйрутма Берген канкордун бетини ачкыла