super.kg logo

"8 жаштагы кызымды зордуктоого аракет кылган 67 жаштагы абышка жазасынан кутулуунун амалын ойлоп табууда" дейт кыздын апасы

 

2017-жылдын 9-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен 67 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган.

Чүй ОИИББинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 9-сентябрында Б.К. аттуу 67 жаштагы адам саат 17:30 чамасында дүкөнгө бара жаткан 8 жаштагы кызды кармап өпкүлөп, кыйкырганына болбой ич кийимдерине чейин колун салып, ыплас аракеттерди жасаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалындагы 1951-жылы туулган Б.К. аттуу кишини кармашкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечими чыгып, айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга каршы экенин билдирген соттолуучунун жакындары Чүй облустук сотуна кайрылышкан.

8 жашар кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына соттолуучу жазадан качып, ар түрдүү нерселерди ойлоп таап жатат дейт.

"Райондук сот айыпталуучуга 15 жыл берген. Бирок анын туугандары чечим чыкканга чейин эле биз тааныбаган 10-12 жаштардагы кичине кыздарды алып келишип, кызыңар бакка чыгып, андан түшүп жатканда бактын бутагы денесин чийип кеткен дедирип жатышты. Кызымды ошол күнү юбка кийип жүргөн дешүүдө. Кыздардын өздөрүнөн сурасак дагы "биз бактан түшүрүп жатканда ал ошол жерин бутакка чийдирип алып анан канап кеткен. Андан кийин ал үйгө барып чолок шым кийип келди" деп айтып жатышат. Бирок кызым ал күнү эч кандай юбка кийген эмес. Болгону булар жазадан кутулуунун амалын ойлоп, жактоочусу тарабынан ушундай нерселерди ойлоп чыгарып жатышканы айдан ачык болууда.

Экспертизада кыздын аялуу жеринде тытылган такты далилдеп берген. Ошондон улам тигил тарап экспертизаны бактан түшүп жатып деле ал жери канаган болушу мүмкүн дегенге алмаштыргылары келип жатат. Менин кызым күбө катары келген секелек кыздар менен дагы ойногон эмес. Себеби кызым кичинекей болуп турса өзүнөн 3-4 жаш улуу кыздар менен ойношу мүмкүн эмес да. Райондогу соттук процесс жүрүп жатканда абышканын туугандары кечирим сурап, күнөөсүн моюнга алып жатышкан. Качан гана айыпталган жаран абакта мындай кылмыш менен баргандар катуу жаза аларын билдиби же бир четин көрүп калдыбы "ал ооруп, өзүн жаман сезип жатат" дешип, абактын ооруканасынан чыкпай жатат. Биз негизи райондук соттун чечимине макул болгонбуз, облустук сотко анын жакындары кайра арыз жазышты.

Мен тигил тарап келтирип жаткан жүйөлөр менен абышканын жазадан кутулуп кетишин каалабайм. Балким, сотторго акча берип жатышкандыр. Биз болсо облустук сот айыпталуучуну актап койбосун деп массалык маалымат каражаттарына чыгарып жатабыз", - деди жабырлануучу кыздын апасы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
24.07.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Сакалын орттонгур желмогуз
24.07.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошондой ХХХХХХХХХ мончоктой кызга Асылбай!ушундай адамдарга катуурак жаза качан болот бизде!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-24 16:27:23
24.07.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Амалдуу туугандары Убакытты созуп, больницадан псих справкасын даярдап жаткан чыгаар
24.07.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Псих болобу, ооруйбу, кыпкызыл жиндиби кылмыш кылдыбы кандай болсо да жазасын алсын
24.07.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу го дед
24.07.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul94,Дед болбой калсын ошол ХХХХХХХХХ. ХХХХХХХХХ башкаларга да акыл кирип сабак болмок
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-25 12:07:29
24.07.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rasul94, ДЕДиң күчтүү болсо пенсиясын алып Бейшеналиева Кулиевага барсын
25.07.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ким билет 67 жаштагы абышка андай жолго бараарына ишенбей турам
25.07.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып эле салгылачы пайдасы тийбегенден кийин! Телефон каттатпай, глобалдык чечим кабыл алуу керек! Капкаяктагы боксак нерсе менен алектенбей жепжутаттар!!!!
26.07.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХ Наристенин келечегине балта чапкан куураган чал. Ошону куткарам деген туугандарына да наалат
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-26 15:43:28
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: