super.kg logo

Жогорку Сот Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

 
Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы жабык эшик артында өттү

24-июлда Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, соттук отурум жабык эшик артында өттү. Сапар Исаковду камакта калтыруу чечими күчүндө калтырылды.

Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ишин карап, аны 2 айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга анын жактоочусу каршы болуп Жогорку Сотко кайрылган.

Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(10)
24.07.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан маселелердин көбүн Өкмөттөн аттатып өтүп, түздөн-түз ошол убактагы президент А.Атамбаевдин чечүүсүн уюштуруп, аткарууга жетишкен. Албетте, өзүнүн анда чоң кызыкчылыгы болбосо антмек эмес. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, акылдан адаштырып, жолдон тайдырарлык кол акысы болбосо, кимдин эле өз башына ашыкча түйшүктү үйгүсү келсин.
24.07.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапаш жалко.Ашанын курмандыгы болдун го.аташкандын айткандарын аткарам деп
Бирок ушуну көрмөксүнөр.кыйла каалагандай тайраңдадыңар.КСДП биринчи сорттогу адамга катары жашадыңар
24.07.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
100мильион доллар токсун окмоттун казынасына
25.07.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
talaa11,
Ал токпоит, кайра толтура жеит... Жээнбековду багат, ошого кайра актап жумушина утургузду да ...
24.07.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Сапар Исаковдун куноосу жок. Жээнбековдун жамандоо саясаты журуп жатат. Бул жерде Жээнбековдун жеке кызыкчылыгы болуп жатат. Жээнбековду да сурака алып, камаш керек болчу. Жээнбековдун кадралы эч жарытпайт. Олкону Жээнбековтор тоноп башташат.
Ka2sr1 түзөттү 2018-07-24 13:29:47
24.07.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ka2sr1,Жээнбеков Сапарды жамандап башына зор келиптирби. Ансыз деле башка иши толуп жатат. Жээнбековдун кадрлары толук келе элек азыр. Учурга чейин кадрлардын 90 пайызы АШАчылар. Жээнбеков жакында гулдотот Кыргызстанды. Бул учун баарыбыз жардам беришибиз керек
24.07.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bazake,гулдоткон жери окшошпой калды да
24.07.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы уурулар Сооронбай Жээнбековдун жанында кошомат кылып журушот. Раим миллионго окшогон уурулар Жээнбековдун кадрларына айланып алышты. Бирок аларды Жээнбеков коргоп журуп отот.
pat12 түзөттү 2018-07-24 13:49:16
24.07.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
pat12,Раим миллион 6 жыл Атамбаевдин тушунда тайрандады. Жээнбеков андай коррупционерлерди 2010-жылы Оштон кууп чыкканда Атамбаев 400 мин долларын алып алып которду. Раимди 6 жылда "Раим-миллон" кылган Атамбаев. Жакында АШАнын кол тийбестиги алынат, ошондо Раим да камалат деп жатат. Анткени анын крышасы АША болгон экен
24.07.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айласы кеткен Сапар Исаков апасынын жардамына муктаж болуп жатат. Апасынын этегине жашынып өкүнүп жатса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: