super.kg logo

Кашкар Жунушалиев: "Орусиядан унааларды уурдоого мурдагы орун басарым Абдыкаровдун тиешеси жок"

 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 24-июлда өзү жетектеген министрликтин 6 ай ичиндеги иши боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Жыйын учурунда министр SUPER.KG'нин суроолоруна жооп берип жатып мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровдун эмне себептен кызматтан кеткенин, Орусиядан унааларды уурдоого анын тиешеси жок экенин белгиледи. Анын айтымында, Абдыкаров Түркияга суранбай эс алып келгени үчүн жумуштан алынды.

"Мурунку орун басарым Данияр Абдыкаров Түркияга үй-бүлөсү менен эс алууга эмгек өргүү учурунда барган. Бирок орун басарларым чет өлкөгө чыгуу үчүн өкмөттөн уруксат алышы керек эле. Өз учурунда уруксат албаганы үчүн кызматтан кетти. Ал эми анын Орусиядан унааларды уурдоого эч кандай тиешеси жок. Учурда уурдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Жунушалиев.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык унаа Кыргыз мамлекетинен табылганын кабарлаган. Анда уурдалган унаалардын ичинде Лексус, Тойота, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жол тандабастар бар экендиги жана 82 пайызынын VIN-сыр белгиси өзгөртүлгөнү айтылган. Ошондой эле унааларды уурдоо менен алектенген Орусия жана Кыргыз мамлекетинин жарандарынан турган кылмыштуу топ бар экендиги кошумчаланган.

Бирок жергиликтүү ЖМКлардын бирине "уурдалган унааларга министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жана анын кол алдындагылардын катыштыгы бар" деген маалымат Арслан Тойдиев деген адамдын атынан жарыяланган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: