super.kg logo

Ислам эрежелерине ылайык "Бакай Банкка" салымдар

 

"Кард Хасан" керектегиче депозиттик эсеби – бул келишимде кардар "Ислам каржы борборуна" каражаттын кайра негизги суммасын гана кайтарып алуу шартында акча салат.

Салымдын шарттары:

- Физикалык жана юридикалык жактар үчүн, жеке ишкерлер үчүн;

- Салымдын валютасы: KGS; USD; EUR; RUB; KZT.

- Салымдын минималдык суммасы: 5 000 KGS; 100 USD; 100 EUR; 5 000 RUB; 50 000 KZT;

- Салымдын максималдык суммасы чектелген эмес;

- Жайгаштыруу мөөнөтү керектелгенге чейин;

- Эсепти толуктоого уруксат берилет;

- Акча каражаттарды бөлүк менен алууга уруксат берилет.

Артыкчылыктары:

  • Акча каражаттарды ишенимдүү сактоо жана ар кандай операцияларды жасоо (которуу, акча кабыл алуу, төлөмдөр);
  • Акысыз жана ылдам эсептик номер ачуу;
  • Жеке маалыматтарды сактоо;
  • Депозиттер Кыргыз Республикасынын 2008-жылы 7-майда кабыл алынган “Банк салымдарын коргоо” боюнча мыйзамына ылайык камсыздандырылган.

Хасан кард жеке салымдардан сырткары которууларды дагы кабыл алат:

  • Айлык акы
  • Пенсия
  • Алимент
  • Социалдык пособиелер
  • Автордук гонорарлар
  • Мураскерликке байланыштуу которуулар ж.б.
  • Накталай эмес акча каражаттарды Кыргыз Республикасынын ичинде жана чет өлкөлөргө которуу.

Кард-Хасан - бул каражаттарды сактоонун эң жөнөкөй жана жеткиликтүү түрү. Аталган салымды колдонуу менен сиз өз каражаттарыңызды ишенимдүү сактап, толуктап жана ар кандай төлөмдөрдү жүргүзө аласыз. Аталган кызмат юридикалык жактар үчүн дагы эң ыңгайлуу.

Ислам финансылык борбору тууралуу толук маалымат бул шилтемеде.

Маалымдама. Ислам финансылык борбору – бул “Бакай Банк” ААКсы тарабынан түзүлгөн Кыргыз өлкөсүндөгү жана КМШ өлкөлөрүндөгү ислам эрежелерине ылайык каржы кызматтарын тартуулаган биринчи борбор.

Адрес: Бишкек шаары Чүй кең көчөсү 111а.

Колл-борбор: +996312610061, моб.: 6111

Сайт: www.ifcenter.kg

Email: office@ifcenter.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: