super.kg logo

Астротөлгө: 25-июль күнү төрөлгөн арстандар убадасына бек турабы?

 

25-июлда өтө күчтүү, аябай эмоционалдуу жана сезимтал адамдар төрөлүшөт. Алар колу ачык, харизмасы күчтүү ошол эле учурда текебер адамдар болушат. Чынчылдык - дал ушул күнү төрөлгөн арстандардын эң негизги, өзгөчө сапаттарынын бири. Эгерде бирөөгө убада берсе, аны сөзсүз аткарышат. Мындай табияттан берилген мүнөзү өзүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Бул күнү төрөлгөн арстандар сүйүү жана достук мамилесинде чын дили менен берилген өнөктөш боло алышат. Бирок көз карандысыздыкты баалаган адамдар болгондуктан, булардын эркиндигин камсыз кылуу өнөктөштөрү үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бул күнү төрөлгөн арстандар өз бактысын арстан, кой жана жаачы жылдызынын алдында төрөлгөн адамдардан издесе жаңылышпайт. Ал эми чаян жана букачар жылдызынын алдында төрөлгөндөр менен эч качан мамиле кура алышпайт. Андыктан булардан бактысын издеп убакыт коротпой эле койгону оң.

Бул күнү төрөлгөн адамдар алдыга максат коюп, ошонун артында ийгилик жарата алышат. Булар өздөрү каалаган кесипти тандай алышат. Алар музыка, искусствого жакын адамдар болушкандыктан чыгармачылык жаатында өздөрүн өнүктүрө алышат. Ал эми башкаруу чөйрөсүндө иштесе ийгиликтерге жете алышат. Алар иштеген ишин ар дайым барктап, сыйлап турушат. Ар дайым кесиптештерине жардам берүүгө даяр. Ошондуктан булар кандай жумушка туш болбосун кесиптештери менен оңой тил табышып кете алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.07.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билбейм менде бул сапаттын канчасы бар Бирок жылым арстан жылдызым арстан
31.07.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүмдү текебер деп уккам чынчыл деп угуп эле жүрөм. Музыкага жакынмын. Кесиптештерге жардам берүүдөн чарчабайм, куулук кылып жатабы же чын эле жардам уерекпи деп билип туруп, жардамымды аябайм. Дээрлик бүт баары ДАЛ келди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: