super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Мыйзам боюнча жоголгон айдоочулук күбөлүк 2 айдан соң берилет" дейт айдоочулук курамды каттоо жана сыноо пунктунун башчысы

 

Мыйзам боюнча жоголгон айдоочулук күбөлүк 2 айдан соң берилет. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Өзгөн шаардык РЭОсунан билдиришти.

Эске салсак, окурман "Элдик кабар" рубрикасына "Жоготуп жиберген айдоочулук күбөлүгүмдү кайра алайын деп документтерди топтоп барсам, эки ай күт деп жатышат", - деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Бул кабарга жооп алуу максатында Өзгөн регионалдык транспорт жана айдоочулук курамды каттоо жана сыноо пунктуна кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык:

"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы 819-токтомунун 43 жана 46-пункттарына ылайык, айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда:

1. Паспорт

2. Айдоочунун өздүк карточкасы;

3. Медициналык маалым кат (Форма 83);

4. Жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик органдын автотранспорт каражаттарынын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндөгү маалым каты керектелет.

Аталган документтерди алып келген учурда айдоочуга 2 айга убактылуу күбөлүк жазылып берилет. 2 ай аралыгында күбөлүк табылып калышы мүмкүн. Эгерде табылбаса, жаран эч кандай көйгөйсүз айдоочулук күбөлүк ала алат", - деп билдирди Өзгөн регионалдык транспорт жана айдоочулук курамды каттоо жана сыноо пунктунун башчысы Айбек Мадаминов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.07.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми жазканың үчүн 2 жылдаям ал жерден ала албайсың башка жактан ал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: