super.kg logo

Чек ара кызматы: "Өлкөнүн коопсуздугу үчүн чек арага кошумча блокпосттор коюлду"

 

Өлкөнүн коопсуздугун сактоо, терроризм жана баңгизат сатууга каршы күрөшүү максатында чек арага кошумча блокпосттор коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гулмира Бөрүбаева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери чек араны бузуу боюнча 96 факты катталган. Мындан сырткары Сириядагы куралдуу кагылыштарга катышып келе жаткан 12 адам кармалган.

"Соңку учурда Ооганстан жана Сириянын аймагындагы террордук топтордун Борбор Азиянын чек арасына жакындап жатканы белгилүү. Алар биздин өлкөгө да таасир бериши мүмкүн. Ошон үчүн ар кандай террордук топтордун бастырып кирүүсүн алдын алуу үчүн кошумча посттор орнотулду. Чек ара кызматы Башкы штабдын карамагындагы башка аскердик бөлүктөр менен биргеликте чалгындоо иштерин өткөрүүдө", - деди маалымат катчы.

Ошондой эле жыл башынан бери чек арага байланыштуу 8 чыр-чатак катталганын кошумчалады. Анын бешөө Кыргыз-Тажик чек арасында, үчөө Кыргыз-Өзбек чек арасында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.07.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ойгондуңарбы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: