Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, экиге бөлүнүп кетти



Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып электр мамысын сүзүп, экиге бөлүнүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-июлда саат 09:00дөр чамасында болгон.
"Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Аалы Токомбаев көчөсү менен түндүк-батышты көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу унааны башкара албай электр мамысын сүзүп алган. Кагылышуудан улам унаа экиге бөлүнүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалында болгон. Бактыга жараша, айдоочу аман калган. Азыркы тапта ал алган жаракатынан улам №4-шаардык ооруканага жеткирилди", - деп билдирди аталган башкармалыктан.

Биринчи жолу 3 жылга унаа башкарууга тыю салуу керек. Кайталанса 5 жыл. Учунчусундо бир омур унаа айдоого тыю салуу керек.
Тыю салынган убакта мыйзамды бузуп унаа айдаса озун камоо керек, 2-3 жылга.