super.kg logo

Сот Райымбек Матраимовду кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарды

 

Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өткөн сот отурумунда белгилүү болду.

Райондук соттун судьясы Алмаз Калыбаев арыз берүүчү тараптын өтүнүчүн канааттандыруу менен чечим кабыл алды.

Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылууда.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 5-июнда УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Комментарийлер(56)
25.07.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм... Кайта озунун местасына келет экенда.
25.07.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А. Атамбаев өзүнүн бийликтеги мөөнөтү аяктарына жакын ал кездеги премьер-министр С. Исаковго «Р. Матраимовду кызматтан ал!» деген буйрукту бергенин өзү да жашырбай айткан. Дал ошондой буйруктун негизинде гана С. Исаков Р. Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан бошотуу буйругун чыгарган. А. Атамбаевдин айтымында Р. Матраимов бажы тармагында «серый кардинал» болгон.
25.07.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bazake, Атамбаев Раим миллионердин серый кардинал экенин тушунууго 7 жыл керек болуптурбу?!! Бекназаров айткан, АШАга 400 мин доллар пара алып, бажы кызматынын жетекчиси болбой калган ушул Раим миллионер да. Кийин Туштук жергесиндеги бажы тармагынын кожоюну кылып коюшту. Раим миллионер 7 жылда миллиардерге айланды, Атамбаевге да миллиарддап акча которуп турду, б.а. "улушун"...

Атамбаевдин Раим миллионерди кызматтан алуусунун башка себеби бар болуш керек...
25.07.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Р. Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгына алып барган да А. Атамбаев жана анын экс-«башкы шоопуру» И. Илмиянов болгонун Р. Матраимов өзү маалымат булактарынын бирине берген маегинде билдирген. Андыктан өзү багып өстүрүп жүргөн Р. Матраимовду эми учурдагы президентке куда кылып жармаштыра берүү ага кадыр-барк деле алып келбейт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: