"Жылдын мыкты машыктыруучу" наамына Станислав Черчесов, Златко Далич, Дидье Дешам жана 8 машыктыруучу ат салышууда
ФИФА "Жылдын мыкты машыктыруучу" наамына ат салыша тургандардын атын атады. Бул тууралуу федерациянын расмий баракчасына жарыяланды.
Жарыяланган маалыматка ылайык, "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамына 11 адис ат салышууда. Добуш берүү 10-августка чейин уланып, жеңүүчү 24-сентябрда Лондондо аныкталат.
Тизмеде төмөнкү машыктыруучулар орун алган:
Станислав Черчесов - Орусия курамасынын машыктыруучусу;
Массимилиано Аллегри - "Ювентус" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Златко Далич - Хорватия курамасынын машыктыруучусу;
Дилье Дешам - Франция курамасынын машыктыруучусу;
Хосеп Гвардиола - "Манчестер Сити" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Юрген Клопп - "Ливерпуль" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Роберто Мартинес - Бельгия курамасынын машыктыруучусу;
Диего Симеоне - "Атлетико" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Гарет Саутгейт - Англия курамасынын машыктыруучусу;
Эрнесто Вальверде - "Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу;
Зинедин Зидан - "Реал Мадриддин" мурунку машыктыруучусу (азырынча клубу жок).
Жылдын мыкты машыктыруучу наамына ат салышкандар









1 |