Каза болгон журналист Эгизбаевге келген бош конверт анын иликтөөлөрүнүн биринде катышкан адамга да келген

"18-июлда Кыргыз почтасы аркылуу бош конверт мага да келген" деп бүгүн, 25-июлда SUPER.KG порталына каза болгон журналист Уланбек Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө маалыматтарды айтып берген Максат Баялиев билдирди.
"Эгизбаевге келгендей кат мага дагы келиптир, мен ал күнү жумушта жүргөм. Үйдөгүлөр телефон чалып "сенин атыңа кат келиптир, ичин ачып көрсөк, эч нерсе жок экен" дешти. "Адашып келип калса керек" деп көңүл деле бурган эмесмин. 22-июль күнү карындашым "Уланбек Эгизбаевге да Кыргыз почтасы аркылуу бош каттар келиптир, интернетте жүрөт" деп айтып калды. Бул маалыматты уккандан кийин саат 19:02де Уланбек Эгизбаевге чалсам өчүк, андан бир аз убакыт өткөндөн кийин эле анын каза болгонун уктум.
Мен Эгизбаевдин "мүрзө боюнча айтып бериңиз" дегенинен макул болуп, бүт баарын көрсөтүп бергем. Кийин ал экөөбүз жолукканда "Мен канча иштин бетин ачтым, бирок мындай болгон эмес. Көрүстөндөрдү тарткандан кийин мага "жөн эле койбойсуңбу" деп чалып жатышат" деп айтып берген. Бул катты биздин үйгө 12-13 жаштардагы өспүрүм бала таштап кетиптир", - деди Баялиев.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Ал 16-июлда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган.
"Менин атыма Кыргыз почтасы аркылуу 2 бош кат келиптир. Бул эмнеси, кокуй? Шадиевден го десем, жөнөтүлгөн жери Бишкек экен", - деп жазган Уланбек Эгизбаев өз билдирүүсүндө.
кошулду


Аллахым ушул олтургондорго оной олум бере корбо!Мунжу болсун,коздору кор,кулагы керен,колдору шал,тилдери жок болсун!озунун уул кызына кор болсун!!!
Жаткан жери бейиш болот.А олтургон адамдар азырынча жыргалчылыкта жашашынар мумкун,бирок акыретте жооп бересинер созсуз,ал убакта жаап жашыра албайсынар куноонорду.
Уланга алкыш,силерге каргыш.Улан элдин жузу,а силер эл учун бир тыйынга кымбатсынар кан корлор.