super.kg logo

Өкмөт телефондорду 100 сомго каттоо боюнча токтом долбоору жөнүндө билдирүү жасады

 

"Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтом долбооруна карата өкмөттүн аппараты билдирүү таратты. Билдирүү өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган.

Билдирүү:

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтом долбоору өкмөттүн расмий сайтына 2018-жылдын 4-июлунда коомдук талкууга коюлган.

Ишкер чөйрөсүнүн, жарандык тармактын өкүлдөрү бир айдын ичинде токтом долбоорун иштеп чыккан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине токтом долбоору боюнча өздөрүнүн сунуштары жана эскертүүлөрү менен кайрыла алышат.

Иштеп чыгуучу орган бардык сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу же четке кагуу боюнча ар бир чечимди негиздөө менен иш жүргүзөт. Коомдук талкууга коюлган соң көрсөтүлгөн токтом долбоору министрликтерден жана ведомстволордон макулдашуудан өтөт, андан кийин өкмөттүн аппаратына кароого киргизилет.

Эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору өлкө кызыкчылыктарына дал келбесе, аймактык бүтүндүгүнө жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келсе, өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттарын начарлатса, анда премьер-министр кол коюуга киргизилген долбоорду четке кагуу укугуна ээ.

Премьер-министр акыркы чечимди кабыл алууда улуттун жана карапайым жарандардын кызыкчылыктарын эске алат.

Айта кетсек, өкмөттүн телефондорду 100 сомго каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоору коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бул маселе боюнча атайын жыйын өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(17)
25.07.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кереги жок
25.07.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элди тоноонун оной жолу... эгер Кыргызстанда 5 миллион телефон болсо 500 миллион тоношот
25.07.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Максимден отосунор го
25.07.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Билип койгула депутаттар. Эгерде алкымынарды жыйбасанар кайра кайталанат бары. Телефонду каттап 100 сомду озунор эле болуп аласынар. Элди келесоо корбогуло. Болду жетишет. Кыргызстан силер учун жаралса да. Артынарды ойлогула акмактар.
25.07.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйдуруп,куйдуруп тим эле чокко айлантып жибересинер адамды. Биздин чондорду ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-26 11:17:04
26.07.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talaa11, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
25.07.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийлик элден акча алгандан мурда, элге эмне кылдык деп ойлонсо. Азербейжан ж.б өлкөлөргө бизди салыштырбагыла. Алардын экономикасы ошого жараша. Мен каршымын.
Бир тыйын бербейм. Свет,суу,мусор, газга төлөгөн налогум жетиштүү силерге.
25.07.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дем алган абага да салык салынар кун алыс эместейго
25.07.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Туура кылышат антпесе кытайдын подвалында жасалган сапаты жок телефондор басып кетти бул карапайым калктын чонтогуно эч кандай зян апкелбейт болгону телефон ташыган компания ар бир телефонду катоодон откозуп 100сом толойт бул нерсе Россиядада иштейт например РОС тес рос тестен отпогон телефонду эчким албайт
25.07.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
toichubek1984, жомок айтпачы!!! Орустар каттоодон отконун да, отпогонун да колдонуп эле журот...
25.07.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соке ээрден учкусу келип, бирди коргусу келип журот.....
25.07.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өкмөттүн командасы "ар бир тефонду каттоо талабы сырттан бул товарды ташып келүүчү ишканаларга, ишкерлерге коюлат. Ар бир телефон үчүн 100 сомду да ташуучу компаниялар төлөйт. Учурда жарандар колдонуп жаткан телефондор автоматтык түрдө каттоодон бекер өткөрүлөт. ХХХХХ ХХХХХХ Ал жерде ар бир жаран толойт деген жери жок ХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-26 11:12:27
25.07.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jigito,Окмотун эмнени кыйратып атат санап берчи
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-26 11:03:50
25.07.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigito,ташып келген ишкер кайра эле сатып алычуудан ондуруп алат ошол 100 сомду .Сен омур бою бир телефон колдонбойсунда бирде болбосо бирде алмаштырасын алмаштырган сайын 100 сомдон толойсун.дагы жонокой жарандардын укугу бузулуп жатат.каттоо аркылуу жарандардын телефон аркылуу эмне кылып ким менен эмне деп суйлошуп жатканын андуу жолу.
26.07.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigito,
Маалымат такталып анан жазылган. Далилсиз маалыматтарды жазып, каралоого тыюу салынат! Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек! Эскертүү!
25.07.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ишкер кайра эле сатып алычуудан ондуруп алат ошол 100 сомду деген менен ошол компаниялар ишкерлер ансыз деле оозун толтуруп тел каалаган баада кымбат кылып козун май басып элдин чонтогуно карабай цум да семирип басалбай калыштыго ошолорго зыяны тийиши мумкун алар чирип кеткен байлар барсан козунун аркасы менен карайт. Лично мен жаны тел алсам 100 сом кымбат экенин деле байкабай деле калышым мумкун ар бири тел 1500 сомдон 3000 сомго чейин кошушарын билем.Ар бир жаран 100 сомдон жалган маалымат!!!
25.07.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
США АНГИЛЯ ж б олколордо демократия боюнча 1- орунда турушат аларда эмнеге адам укугу деген нерсе жокбу ар бир жарандын тел имейли, палец клетка,козунун кареги рег отот а бизде эле адам укугу тебеленип калабы .Балким кее бир стандарттарга ото баштагандыр биздин Кыргызстаныбыз мен пикирим пока туз эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: