Жыл башынан бери 195 адам жатак үйлөргө жайгаштырылган
2013-жылдын
башынан бери өлкөдө 195 адам жатак үйлөргө жайгаштырылган. Бул тууралуу Социалдык
өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Мындай көрсөткүч өткөн
жылдын бул айына салыштырмалуу 135 адамга көп. Учурда Социалдык өнүктүрүү
министрлигине караштуу 15 жатак үй бар. Алардын 14ү республикалык бюджеттен
каржыланат. Ал эми Бишкек жатак үйүнө каражат жергиликтүү бюджеттен
бөлүнөт. Маалыматка ылайык, учурда мындай жайларда 2 310 кароосуз калган
адамдар күн кечирет.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

