Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду кызматынан кетирүү тууралуу токтом кабыл алды
Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште акыйкатчы Турсунбек Акунду өз антын бузгандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча атайын комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалымат угулду. Жыйынга өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында акыйкатчыны кызматынан четтетүү боюнча комиссиянын токтому добушка коюлуп, 57 депутат макулдугун берсе, 20 депутат каршы добуш берди. Бирок акыйкатчы маселе каралып жаткан учурда эсин жоготуп жыгылып, ооруканага жеткирилди. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

