"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 500 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыяланды
Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 552 миллион 706 миң 240 сомго тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөндөй тендер 10-августта жыйынтыкталмакчы.
Маалыматтык технология жана байланыш комитетинен кабарлашкандай, долбоор алкагында видеокамералар Бишкек шаарынын көчөлөрүнө, Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдыбар унаа жолуна жана "Манас" аэропортунун жолуна орнотулат.
Тактап айтканда, видеокамералар Бишкектеги жолдордун 18 кесилишине, Бишкек-Ош жолунун 61, 64, 71,5, 74,5,78, 146,3, 149, 153, 154,3, 160-чакырымына, Бишкек-Чалдыбар жолунун 61,6, 66, 67,3, 74, 78,2-чакырымына орнотулат.
Андан сырткары "Манас" аэропортуна барчу жолдун 9, 10,2, 13, 14,5, 22,5, 23, 27, 30-чакырымына, Бишкек-Кордай жолундагы Ленин айылындагы Ленин атындагы мектептин жанына орнотулат.
кошулду


2,5 миллиард сомдун канчасына канча камера алынат, калган акчалар кайда жумшалат, эл билиши керек. Туштон кийин бир аттиш 600$, бир огнетушитель 1500$, бир тал 600$, аттын макети 1400 евро дегендей дагы бир нерсе ойлоп таап чыкпагыла....
Менден бир сунуш, баасы 50 миллион доллардан жогору болгон любой проект элдин макулдугу болсо гана ишке ашуусу к