Жакыпбек Субакожоев Ат-Башы районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Жакыпбек Субакожоев Ат-Башы районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Субакожоев буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппаратын жетектеп келген. Эске салсак, 19-июнь күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдик кызмат орунга болгон шайлоодо беш талапкер ат салышып, тилекке каршы, бири да тиешелүү добуш топтой алган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

