Ысык-Көлдөгү өрттөн 3 адам жабыркап ооруканага жеткирилди
Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан пансионаттан чыккан өрттөн 3 эркек кишинин денеси 2-даражада күйүп калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди. Анын айтымында, учурда алар "Тез жардам" кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилди.
"Өрт чектөөгө алынып, учурда толугу менен өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат. Өрттү өчүрүү үчүн жеринде үч өрт өчүрүү бөлүмү иштеп жатат. Ал эми жабыркаган 3 эркек киши Ананьево айылындагы ооруканага жеткирилди", - деди ал.
Пансионатта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 18:20 чамасында келип түшүп, айтылган дарекке милиция жана "Тез жардам" кызматы да тартылган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.