super.kg logo

Орун жок. Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасына күнүнө 300дөй адам кайрылып жатат

 

Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканага күнүнө 300гө жакын адам кайрылып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Кутманова 26-июлда кабарлады. Анын айтымында, кайрылгандардын ичинен 100ү гана жаткырылып, калгандарын үйүнө жиберүүгө туура келип жатат.

Дарыгер мындай абал жыл сайын жай мезгилинде күч ала турганын белгиледи.

"Жугуштуу оорулар боюнча Бишкекте жалгыз гана оорукана болгондуктан ичеги-карын илдети менен кайрылгандардын саны көп. Оорукана 400 орундуу болгонуна карабай 1 суткада 300гө жакын адам кайрылууда. Алардын арасынан оор абалдагы 100гө жакынын дарыланууга жаткырсак, калгандарына дары-дармек жазып, үйүнө жөнөтүүгө туура келет. Айрым бейтаптарды коридорго жаткырууга аргасызбыз. Анткени күнүнө 90-120га жакын бейтапты үйүнө чыгарсак, кайра эле ордуна башкалар келип жатат", - деди Айнура Кутманова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, жугуштуу оорулар ооруканасы өлкө боюнча Бишкек шаарында гана бар. Аймактардагы тургундар жергиликтүү ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнө кайрылып дарыланышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.07.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан онугот экенбиз
26.07.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзү илгери сэцтин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып текшерчу эле,азыр андайдан кабар жок го
26.07.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Больница мектеп, садик ,фап салалы,кенейтели,кобойтолу деген адам жок,мамлекеттик услуганы ондосо, кобойтсо, конул бурса, акчасын эл озуле которуп барып суйунуп кассага толойт, эл ыраазы, мамлекет бай,жыргамакпыз!Бирок бул кундор кыйла алыс окшойт! Сабыр.............
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: