super.kg logo

Эрежелерди сактоо менен тамак-ашка уулануунун алдын алыңыз

 

Жай мезгилиндеги аптаптуу ысыкта калк арасында тамак-ашка уулануу жана ичеги-карын ооруларына чалдыгуу күч алууда. Мындан улам жугуштуу оорулар ооруканасына күнүнө 300гө чукул бейтап кайрылып жатат. Өзгөчө бул көрүнүш 14 жашка чейинки жаш балдар арасында көп катталып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган оорулардын алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин тийиштүү департаменти төмөнкү эрежелерди сунуштайт:

  1. Өздүк гигиенаны туура сактап, тез-тезден колду жууп туруу зарыл;
  2. Дааратканага баргандан кийин жана тамак ичер алдында сөзсүз колду тазалап жуу керек;
  3. Жаш балдарга эшиктен үйгө киргенден кийин, айбанаттар менен ойногондон кийин сөзсүз колдорун таза жууганга үйрөтүп, көндүрүңүздөр;
  4. Өзгөчө этти, тоок этин таза бышырганга аракет кылыңыздар. Ашкананы таза кармаңыздар. Даяр жана чийки азыктарды өз-өзүнчө сактаңыздар. Даяр тамак-ашты эки сааттан ашык калтырбастан, муздаткычка салыңыздар. Алдын ала тамак жасап койбоңуздар;
  5. Мөмө жана жер-жемиштерди колдонуудан мурун таза жууп жеңиздер;
  6. Көчөдөн колго жасалган азыктарды сатып албаңыздар;
  7. Жай мезгилинде таза сууну көп ичиңиздер. Үйүңүздөн таза суу чыкпаса, кайнатылган сууну ичиңиздер. Мөмө жана жер-жемиштерди, идиш-аякты жуу үчүн кайнатылган сууну колдонуңуздар;
  8. Дүкөндөн же базардан азыктарды алып жатканда сапатына, сактоо мөөнөтүнө, шартына көңүл буруңуздар;
  9. Үйдөгү курт-кумурска жана башка инфекция алып жүрүүчү чымын-чиркейлерден коргонуңуздар.

Эгерде тамак-ашка ууланып калсаңыз, үй шартында дарыланбастан, адистерге кайрылыңыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: