super.kg logo

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 миллион сомдон жогору болот

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 миллион сомдон жогору болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, спорттун 37 түрүнүн жалпы байге фонду 26 миллион 615 миң сомду түздү. Бул каражат ат чабыш, ат үстүндө мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү, күрөштүн түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаа атуу, салбуурун мелдештерине бөлүнөт.

Ошондой эле көк бөрү боюнча мелдештин байге фонду 6 миллион сомду түзүп, 1-орунду ээлеген курама 3 миллион, экинчи орунду ээлеген 1 миллион 500 миң сом, 3-орун 1 миллион сомго жана 4-орунду ээлеген команда 500 миң сомго ээ болот.

Мындан тышкары мелдештин жүрүшүндө “Көк бөрү боюнча улуу оюнчу” аныкталып, ал 100 миң сомго жана "Көк бөрүнүн улуу аргымагы" дагы 100 миң сом акчалай байгеге ээ болот.

Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеште 1-орунду ээлегендер 70 миң сом, 2-орунду ээлегендер 35 миң сом жана 17 миң 500 сомдон 3-орунду ээлеген эки спортчуга берилет. Ал эми "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү" мелдешинин жеңүүчүсү 1 миллион сомго туш болот.

Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар оюндарга катыша тургандыгын тастыктады. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы эсепте 594 медаль, алардын 174ү алтын, 173ү күмүш жана 247си коло медалдар ойнотулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
26.07.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз эли аран жашап атканда ушуну жон эле койбодунарда
26.07.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тойда болот тойдун эртеси да болот! Өткөрбөй эле койсун десең ошол акчаны баарибир сол чөнтөккө салып койушат!Бул жемкорлорго эмне дешти да билбейсиң!Карызыбыз төбө чачты тик тургузат!Ошол алган акчаларга завод фабрика курулганда макул завод фабрикалалуу жумуштуу болуп калдык, деп эл жардам кылып акча чогултуп бермек!Эми элден таза суудан телефондон светтен акча алышат!Мурун эле элден акча топтоп фабрика завод куралык анан ЖЭБ Музейлерди оңдойлу дешсе жакшы болмок.Айтайын десең сөз көп!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-07-26 18:05:43
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: