super.kg logo
  Саясат  

“Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү” тууралуу келишим ратификацияланды

 

Бүгүн, 27-июнда президент Алмазбек Атамбаев  “2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында кол коюлган Кыргызстан менен KfW, Франкфурт–на-Майне ортосундагы “Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү” долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди  алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан жогоруда аталган келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө KfWга билдирүүгө милдеттендирилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: