super.kg logo

"Газпром нефть Азия" күйүүчү май куюучу жайынын сиз билбеген кызыктуу жана пайдалуу кызматтары. Алардын ичинен алтоо толугу менен акысыз

 

Сиз май куюучу жайга барганда дайыма ал жерден тамактанып, жакшы кофе ичкиңиз келеби? Ошондой эле дөңгөлөктү акысыз үйлөтүп, унааңыздын салонун, бут кийимиңизди тазалаткыңыз келет.

Мындан тышкары сапаттуу күйүүчү май куюу менен ар бир сатып алууларыңыз үчүн балл топтоону каалайсыз. Бирок сиз буларды жасабай жатасыз, өкүнүчтүү.

Балким, маалыматыңыз жок чыгар, анда “Газпром нефть Азия” май куюучу жайынын абдан кызыктуу жана пайдалуу кызматтары жөнүндө айтып беребиз. Булардын ичинен алтоо толугу менен акысыз. Соңунда сизди жагымдуу упайлар күтөт.

“Газпром нефть Азия” жөнүндө кыскача

Биринчи кезекте, “Газпром нефть Азиянын” май куюучу жайларында сапатына кепилдик берилген күйүүчү майлар сатылат. “Бир гана Газпром нефть Азияда” мунайдын сапатын көзөмөлдөгөн жеке, заманбап лаборатория иштейт. Бул бүгүнкү күндө өлкө аймагында иштеп жаткан эң кубаттуу жабдык.

Бирок ал жабдык муну менен эле чектелип калбайт. Ушул тапта аталган тармактын май куюучу жайлары өзүнө кошумча кызматтарды камтыган көп тармактуу болуп калды. Бул жерде жолго чыгар алдында күч-кубат топтоп, зарыл болгон буюмдарды алып жана башка жумуштарды бүтүрүп алса болот.

Унаалар үчүн акысыз кызматтар

Сиз май куйгандан кийин кошумча кызматтар аркылуу бардык май куюучу жайлардан унаалардын терезелерин, фараларын жана номер белгини жууп алсаңыз болот.

Көпчүлүк “Газпром нефть Азиянын” май куюучу жайларында сиз унааңыздын дөңгөлөктөрүн акысыз эле желдетип ала аласыз. Унаа оңдоочу жайларда болсо ар бир дөңгөлөктү желдетүү үчүн 10 сомдон акы төлөйсүз.

Акысыз май куюу

Чочубаңыз, таң калбаңыз, мындай кызматты аткарабыз. Мындай кызмат интернеттеги “Сапарыбыз бир” программасы аркылуу иштейт.

Программанын катышуучуларынын ар бирине атайын карталар берилет, ал карталарга ар бир сатып алуудагы сумманын 2 пайыздан 3 пайызга чейинки бөлүгү которулат. Бир балл бир сомго барабар.

Мисалы, сиз 1000 сомго май куйсаңыз, эң аз дегенге 20 упай аласыз. Бул сиз ар бир литр майдан бир сомдон үнөмдөп каласыз дегенди түшүндүрөт. Дайыма бул эрежени пайдалансаңыз упайыңыз топтолгондо, бардыгын кошуп, бекер май куюп алсаңыз болот.

Wi-Fi

Учурда дүйнөнү интернетсиз элестетүү кыйын. “Газпром нефть Азия” май куюучу тармагынын ар бир жайгашкан жеринен тез ылдамдыктагы интернетти колдонуп, ырахат алыңыз.

Бут кийимди тазалоо

“Газпром нефть Азиянын” ар бир май куюучу жайында бут кийим тазалоо үчүн автоматташтырылган жабдык жайгашкан. Алар дүкөндүн кире беришинде турат. Бир нече секунданын ичинде, эч кандай күч-аракетсиз эле сиздин бут кийимиңизди тазалап, жалтыратып коёт.

Жолдо зарыгып калган учурлар болот....

Даараткана бул жолдо жүргөн адамдарга керектүү жай. Кээ бир коомдук жайларда дааратканалар жок. Бирок бул эң негизги жай “Газпром нефть Азиянын” бардык май куюучу жайында курулган, таза жана иреттүү.

Кызыктуу фактылар

Акциялар жана белектер

“Газпром нефть Азия” 12 жылдан бери жыл сайын ар кандай кызыктуу акцияларды уюштуруп, кардарларына баалуу белектерди тартуулап келет.

Өткөн жыл ичинде эле 400 белек ойнотулду. Ошондой эле дүйнөнүн каалаган бөлүгүнө барып эс алып келүү үчүн эки кишилик саякаттоо каралган. Мындан тышкары Ысык-Көлдө жайгашкан Royal Beach коттеджинде эс алуу да керектөөчү үчүн күтүлбөгөн мыкты белек болду.

Бул жылы дагы компания дүйнөнүн бардык бурчуна саякаттоону жана жапжаңы renault kaptur кроссоверин утушка коёт.

Муну менен катар эле көптөгөн белектер өз жеңүүчүлөрүн күтөт:

  • 15 сыналгы
  • 15 ноутбук
  • 2018-жылы чыккан спорттук 30 велосипед
  • 30 даана смартфон
  • 30 унаарегистратору
  • фитнес клубга баруу үчүн 30 даана карта
  • 15 даана унаада телефонду кубаттандыргыч
  • G-Drivе майын алууга 90 сертификат.

Уникалдуу жана даамдуу кофе

“Газпром нефть Азия” май куюучу жайларында күйүүчү майдын жыты эми жыттанбайт. Эми ал жердеги жыт кофенин жыпар жытына алмаштырылды.

Компаниянын көптөгөн май куюучу жайында ультра заманбап кофе машиналары орнотулган. Ал жерде кофенин бардык түрү даярдалат, ошондой эле кофелер да өтө кылдаттык менен тандап алынган. Баалары да өтө кымбат эмес. Бир кружка кофенин баасы 100 сомго жетпейт. Ал эми кофени сүйүүчүлөр үчүн анын түрлөрү кошулуп, толукталып турат. Жакында аларга мокачино жана макиато кофелери толуктады.

Даамдуу тамак-аштар

“Газпром нефть Азия” май куюучу жайында швециялык Sibylla, соода маркалары болгон таза азыктардан жасалган даамдуу жана жаңы френч-дог, хот-дог, гамбургерлерин таба аласыз. Учурда мындай татымдар бир гана “Газпром нефть Азиянын” май куюучу жайларында гана бар.

Тейлөөнүн сапаттуулугу

Тейлөөнүн сапатын баалоо атайын онлайн CRM-системине ээ. Бул систем - кардарларды тейлеген кызматкерлердин тейлеген кызматына баа берүү. Тактап айтканда, ар бир керектөөчү тейлөө тууралуу өз пикирин билдире алат.

Анда кассада же дагы башка кызматтарды көрсөткөн тейлөөчүлөр менен кардарлар ортосундагы сүйлөшүүлөр жазылат жана түздөн-түз алар компания тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Кардарлар менен кызматкерлердин ортосунда түшүнбөстүк пайда болсо, бул кызмат аларга көңүл бурат. Ошондой эле ар дайым кардарларды колдоо борбору - 5151 номери иштеп турат.

Дүкөндөр – керектөөчүгө убакытты жана каражатты үнөмдөө

Дүкөндө сиз каалап сатып алуучу товарлардын 2 миңден ашык ассортименти каралган. Дүкөндө азык-түлүктөн тарта унаанын тетиктери жана ага байланышкан буюмдар сатылат.

Банктык эсептерди карта аркылуу төлөө

Май куюучу жайдын бардык жайында нак эмес төлөмдөрдү төлөө каралган. Айрыкча карта менен төлөө сиздин канча күйүүчү май куя турганыңызды аныктап, май куят дагы акчаңызды эсептеп берет.

Заманбап май куюучу колонка

Кыргыз өлкөсүндө “Газпром нефть Азиянын” заманбап май куюучу колонкалары орнотулган. Алар Германияда жасалып, алып келинет. Алардын техникалык абалы ар дайым ички кызматкерлер тарабынан текшерилет. Мисалы, атайын адистер капыстан келишип, майды кардарларга толук куюп берип жатканын текшерүүгө ала алышат.

Стандарт евро-5тен кем эмес

“Газпром нефть Азиянын” негизги жетишкендиги бул, албетте, май. Жогорку сапаттагы күйүүчү майга жана дизелди камсыздоо - бул чоң жетишкендик.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн базарында сапатсыз күйүүчү май көп жана газ толтуруу кымбат. Мындай сапатсыз күйүүчү майлар унааны мышык ыйлай турган абалга жеткирип, анын ээсин кызматы кымбат болгон унаа оңдоочу жайларга алып барууга аргасыз кылат.

“Газпром нефть Азиянын” Омсктагы мунайды кайра иштетүүчү “Газпром нефти” заводунан күйүүчү майды түз алып келгендиктен керектөөчүлөрүнө анын сапатынын кепилдигин бере алат.

Аталган завод Орусиядагы эң ири делген, ал тургай дүйнөдөгү эң заманбап ишканалардын катарында.

“Газпром нефть Азиянын” Euro-5 стандартынан төмөн мунайды сатпайт – бул компаниянын эң кылдат караган стратегиясы. Андагы күйүүчү майлар экологиялык эң жогорку европалык стандартка жооп берет.

Упай 5151

Бардык компанияларда кардарлардын суроо-талабын угаа билүү каралган. Ошондой эле “Газпром нефть Азиянын” кардарлары үчүн дайыма кайрылуулар арыздар үчүн эшик ачык.

Күнү-түнү 5151 кардарларды колдоо кызматы иштейт. Ошондой эле социалдык түйүндөр Facebook, Instagram аркылуу жана дагы gazprom-neft.kg. сайтына кайрылсаныздар болот.

Мисалы, жыл сайын компанияга 60 миңден ашык кайрылуулар түшкөн.


кошулду





"Газпром нефть Азиядан" "Аракет кылып утуп ал!" акциясы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(21)
24.09.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык
24.09.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кызматтар Кыргызстандын бардык аймактарында болду бекен.
25.09.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jolbors,саламатсызбы!Азыркы убакытта биздин май куйуучу станцияларыбыз Чуй, Ысык-кол жана Нарын облустарында гана жайгашкан. Башка аймактагы станцияларыбыз арендага 2016 жылдан бери "партнер нефть" компаниясына берилген. Комментарийиниз учун рахмат!
24.09.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардан Коро майды оздору куйса он болмок.коп айдоочулар убарасынан качып эле барбай калышты
25.09.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buudai,Саламатсызбы! Учурда биздин станцияларда эн сапаттуу жана заманбап Европалык стандарттарга жооп берген май куйуучу колонкалар орнотулган. Ар бир кардарга оз алдынча тейлоого оной шарттар тузулгон. Комментарийиниз учун чон рахмат!
24.09.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлекте гаспромдун озу жок
25.09.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malywKG,саламатсызбы!Азыркы убакытта биздин май куйуучу станцияларыбыз Чуй, Ысык-кол жана Нарын облустарында гана жайгашкан. Комментарийиниз учун рахмат!
25.09.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газ пром азайып кетти
25.09.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chungyz,
25.09.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chungyz, саламатсызбы!Азыркы убакытта биздин май куйуучу станцияларыбыз Чуй, Ысык-кол жана Нарын облустарында гана жайгашкан. Башка аймактагы станцияларыбыз арендага 2016 жылдан бери "Партнер нефть" компаниясына берилген. Комментарийиниз учун рахмат!
25.09.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газпром жалалабада ушундай шарт барбы коргон эмес экем же клент тартышпы...
25.09.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umakg,саламатсызбы!Азыркы убакытта биздин май куйуучу станцияларыбыз Чуй, Ысык-кол жана Нарын облустарында гана жайгашкан. Башка аймактагы станцияларыбыз арендага 2016 жылдан бери "партнер нефть" компаниясына берилген. Комментарийиниз учун рахмат!
25.09.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таласта бар эле азыр алар партнер болуп кетишти
25.09.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aza84,саламатсызбы!Азыркы убакытта биздин май куйуучу станцияларыбыз Чуй, Ысык-кол жана Нарын областарында гана жайгашкан. Башка аймактагы станцияларыбыз арендага 2016 жылдан бери берилген. Комментарийиниз учун рахмат!
26.09.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда ар кайсы заправкалардан май куйчумун. Азыр Газпромдон гана куйчу болдум. Эн жакшы шарттарды тузуп коюшту.
26.09.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма токтоп, донколокторумду бекер уйлотуп турам
26.09.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кофеси башка жерлерге салыштырмалу арзан жана даамдуу
26.09.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер WI-FI коп жолу куткарчу болду
26.09.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкунчулугу чектелген адамдар учун да шарттары бар экендигин азыр билдим
26.09.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдо жургон адамдар учун каралган жакшы дукондору бар
26.09.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сервиси ото жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: