super.kg logo

"Мен эки күн мурун эле өлүшүм керек болчу" деп сууга боюн таштаган кызды милициялар куткарып калышты

 
Кыз боюн таштаган Исфайрам дарыясы

Баткен облусунда Үч-Коргон айылында 16 жаштагы кыз сууга боюн таштап, агып бара жаткан учурда милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен бүгүн, 26-июлда билдиришти.

Бүгүн саат 15:28 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнө "жаш кыз сууга боюн таштап жиберди" деген кабар келип түшкөн.

"Кабарды уккан соң Кадамжай РИИБинин криминалдык милициясынын кызматкерлери жана ыкчам тергөө тобунан өкүлдөр барышкан. Окуя Исфайрам дарыясында болгон. 3 милиция кызматкери кызды куткаруу үчүн сууга кирип, шар аккан дарыяда 10 метрдей жерге чейин агып барган кызды алып чыгышкан. Аман калган кызды Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнө алып келишип, аты-жөнүн тактаган учурда, ал Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы Ю.Н. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Анын эмне себептен мындай кадамга баргандыгын сураганда "Мен эки күн мурун эле өлүшүм керек болчу, бирок сууга бүгүн актым", - деп жооп берген.

Азыркы убакытта кыздын жакын туугандары чакырылып, тиешелүү материалдар жыйналды. Милиция кызматкерлери тарабынан кызга жана анын ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кадамжай районунун аймагында жыл башынан бери өзүн-өзү өлтүрүү фактысынан үчөө катталып, бирөө каза болуп, экөөнү милиция кызматкерлери аман алып калышканын кошумчалайт басма сөз катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
26.07.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жашоо ушул, бардык нерсени таштап , проблемалардан олум менен кутулгун келет! Жашоонун манызы билинбейт,максатсыз уйкудан ойгонуулар...!!Бирок жашоого максат коюп,ата энен учун да жашашын керек!Сага озунду олтуруу оной болсо,ата энеге уулунун олумун коруу кыйын!Жаша!
26.07.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98,уул эмес кыз
26.07.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кадамжайдын милициялары дарыяга кайырмак ыргытып эле отурат окшойт,качан кыз тушот экен деп,1 ай мурун эле бир милиция акабиз агып бараткан кызды куткарып Кыргыз эл Баатыры болушка чут чут калды эле,же кыздар график тузуп беришкенби Кадамжай Ровдсына саат ушундайда кыздар агат дайар тургула деп.Эмне болсода молодесинер,балааасинар милисалар,гап жок тан бердик.
28.07.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miroslav, ылдам барып куткарып калса дагы айтсаңар куткара албай кеч барып калса дагы,көп нерсени айтмаксың. Демек кесипкөй өз ишин мыкты билген инсандар иштейт ал жерде. Ошон үчүн ыкчам кыймылдап куткарып атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: