super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: “Скептиктердин пикирине карабастан, Кыргызстан өнүгүүдө, мындан ары да өнүгө берет”

 
“Скептиктердин пикирине карабастан, Кыргызстан өнүгүүдө жана мындан ары да өнүгө берет”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Түркиянын Кыргызстанга насыяга берилген каражаттардын эсебинен сатылып алынган жол техникаларын жолчуларга тапшыруу аземинде. Айтымында, өлкөбүз эгемендикке ээ болгон акыркы 20 жыл ичинде бүгүнкүдөй чоң партиядагы атайын техникалар Кыргызстанга биринчи жолу келди. “Айрым эксперттер жана саясатчылар ар дайым бийликти сындашып, өлкө өнүкпөй жатат дешет. Бул алардын чындыкка коошпогон жеке пикири”,- деди ал. Ошондой эле берилген каражаттан 2 миллион 400 миң доллар үнөмдөлүп калганын билдирди. “Билгичтик менен өткөрүлгөн тендердин натыйжасында 43 грейдер, 20 жүк жүктөөчү техника, 7 бульдозер жана 3 комплект асфальт-бетон заводунун жабдууларына 7 миллион 200 миң доллары жумшалып, 2 миллион 400 миң долларды үнөмдөп калдык. Бул каражаттар өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана дагы бир асфальт-бетон заводун сатып алууга жетет”,- деди өкмөт башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: