super.kg logo

"Супер-Инфо" гезитинде #Бештичап оюну уланууда

 

Өлкөбүздөгү эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезити өзүнүн Инстаграмдагы достору үчүн #Бештичап оюнун жүргүзүп жатат. Оюндун шарттары эң жөнөкөй. “Супер-Инфо” гезитинин Инстаграмдагы баракчасында табышмак катылат. Анын жандырмагын окурмандар гезиттен табышы керек. Гезиттин ар бир санында табышмактын жообун жазып толтуруу үчүн атайын орун бар. Ал жерге окурмандар өздөрүнүн аты-жөнүн жана гезиттен тапкан жоопту жазып, сүрөткө тартып Инстаграмдагы баракчасына #Бештичап хэштегин (Хэштег ар жума сайын гезиттин чыккан санына жараша өзгөрүп турат. Мисалы: #Бештичап821) кошуп жайгаштырат. Ошондой эле аталган социалдык тармактагы гезиттин расмий баракчасын (@super_info_official) белгилөө керек.

Ар аптанын жума күнү башталган оюн шейшембиге чейин уланып, шейшембиде түз эфирде 5 жеңүүчү кокустан тандоо аркылуу аныкталат. Жыйынтыгында 5 бактылуу окурман 1000 сомдон белекке ээ болот.


кошулду





Нурмат Садыров #Бештичап оюнуна катышууга үндөйт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: