super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

 

28-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Төкөлдөш конушунда, Оренбург, Горький, Строительный көчөлөрүндө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №145-көп кабаттуу үйдө, Исанов көчөсүндөгү №18-көп кабаттуу үйдө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары ушул эле убактарда Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Рабочий көчөсүндө, №30-31-көп кабаттуу үйлөрдө, 40-лет Киргизии кварталында, Сосновка, Полтавка айылдарында, Сокулук районундагы Сокулук айылынын Мир, Кайназарова, Фрунзе, Первомайский, Сельский, Пионерский, Интернациональный, Восточный көчөлөрүндө да электр энергиясы чектелет. Электр энергиясын убактылуу өчүрүү күзгү-кышкы учурга даярдануу иш-чаралардын алкагында 10 кВт аба электр берүү чубалгыларынын зым тиректерин алмаштырып, өсүп кеткен бак-бутактарды кыйып, зымдарын тарттыруу иштерине  байланыштуу болмокчу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: