super.kg logo

Депутат Бокоев: "Бишкек мэрлигине Алтынай Өмүрбекова татыктуу"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Бишкек шаарынын мэрлигине Алтынай Өмүрбекованын келишин туура көрөт. Ал мындай пикирин бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Бокоевдин пикиринде, Өмүрбекованын жергиликтүү башкаруу тармагында тажрыйбасы мол.

"Мен мэрлерди, айыл өкмөттөрдү эл шайлаш керек деген мыйзамды сунуштап келе жатам. Жакында Ош шаарынын мэрин шайлоо болду. Ал жерде жалгыз талапкер чыкты. Чоң, экинчи борбор болуп эсептелген Ош шаарынын мэри болууга талапкер жок деп ким ишенет? Жеке мен ишенбейм. Демек, ал жерге талапкер боло тургандар шайлоого ишенишкен жок. Ошондуктан шаар элинин тандоосун эске алыш керек.

Учурда интернет тармагында коомчулук туура көргөн өз талапкерлерин сунуштап жатат. Алардын ичинде Алтынай Өмүрбекова да бар. Өмүрбекова Жогорку Кеңешке 2 жолу депутат, спикердин орун басары да болуп иштеди. Бишкек шаарындагы 2 районду башкарган. Иш тажрыйбасы мол адам, өзү Бишкектен, шаар элинин турмушун жакшы түшүнөт. Бишкек мэрлигине Алтынай Өмүрбекова татыктуу", - деди Бокоев.

Айта кетсек, кечээ, 26-июлда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрлик кызматка көрсөткөн. Ага чейин 25-июлда шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана фракция лидерлери кафеде жолукканы белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдө жолугушууда мэрлик кызматка Азиз Суракматовду талапкер катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону божомолдонгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: