Бүгүн өлкөбүздүн тургундары 21-кылымдагы эң узак Айдын тутулуусун көрө алышат
Бүгүн, 27-июлда Айдын тутулуусу Европа, Азия, Африка жана Австралиянын айрым жерлеринде байкалат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, тутулуу убагында Жер планетасынын көлөкөсү Айдын жарымын жабат. Ай көзгө көрүнүп турганы менен өңү күндүн нуру менен кошулуп, кызыл түскө айланат. Бул Айдын толук тутулушу 21-кылымдагы эң узак тутулуу болуп эсептелет. Ал 103 мүнөткө созула турганы күтүлүүдө. Ал эми Айдын жарым-жартылай тутулушу 3 саат 55 мүнөткө созулат.
Айдын тутулуусу Кыргыз өлкөсүндө саат 23:00дө башталат, саат 02:20да аны толук көрсө болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек! 5 күн БАНга!