super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Жумушчулар шаарчасындагы Таганрог тар көчөсүнүн тургундары өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактан тышкары чыгып, жолду ээлеп алышкан" дейт окурман

 

"Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасындагы Таганрог тар көчөсүндөгү тургундар өзүм билемдикке салып үйүнүн аймагын кеңейтүү максатында жолго чейин тосуп алган" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Ушул биздин көчөнү качан оңдоп берет? Качан текшерүү жасайт болду экен? Жумушчулар шаарчасында Туюк (азыркы Рысбай Абдыкадыров) көчөсү менен кесилишкен Таганрог деген тар көчө бар. Ошол көчөнүн боюна талдар өсүп, электр зымдары самсаалап, жамгыр жааганда коркунуч жаратып турат. Көчөбүз көчөгө окшошпойт. Жол боюндагы үйдүн ээлери өзүм билемдикке салып өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактан тышкары чыгып алышкан. Тийиштүү органдар келип тартипке салып кетсе жакшы болот эле. Бул маселени көчө комитетине айткам, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
27.07.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бульдезер менен суруп таштагыла менин эн жек коргонум ушул нерсе ач коздук
27.07.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин көчөдө да бар бир экөө буларга не жетпейт дейм да. Кызыгы баары колунда бар адамдар. Эки эле метр жерге батаарын билишпейт окшойт. ....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: