Эртең айрым каттамдагы троллейбустар өз ишин убактылуу токтотот
Эртең айрым каттамдагы троллейбустар өз ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эртең, 28-июль күнү Манас кең көчөсүндө жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу таңкы саат 06:00дөн тартып 30-июль күнү таңкы саат 05:00гө чейин №8 жана №10-каттамдагы троллейбустар өз ишин убактылуу токтотот.
Ал эми №4-каттамдагы троллейбус Киев көчөсү менен жүрөт.
Борбор калаанын мэриясы түзүлгөн кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоону суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.